Бүгүн, 17-июлда, Венгриянын борбору Будапешт шаарында күрөш боюнча эл аралык деңгээлдеги “Polyák Imre & Varga János Memorial” турнири башталат.
Турнирдин биринчи күнү эркин күрөш боюнча беттештер менен ачылат. Спортчулар 57 кг, 61 кг, 65 кг, 70 кг, 79 кг, 97 кг жана 125 кг салмак категориясында күч сынашат.
Кыргызстандын намысын 61 килограмм салмакта Бекзат Алмаз уулу жана Тайырбек Жумашбек уулу коргойт. Эки балбан тең улуттук курама команданын мүчөлөрү болуп саналат.
Беттештер Бишкек убактысы боюнча саат 14:30да башталат.

