Өзбекстандан Кыргызстан багытында Анжиян – Ош, Анжиян – Жалал-Абад, Анжиян – Арсланбоб, Касансай – Жалал-Абад, Бухара – Бишкек каттамдары жолго коюлуп, көбөйтүлөт. Бул тууралуу Өзбекстандын транспорт министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
«Эл аралык ташууда автобустук каттамдардын үлүшүн көбөйтүү жана жүргүнчүлөрдү ташууну мындан ары өнүктүрүү максатында эл аралык автобустук каттамдардын саны көбөйтүлдү,-делет маалыматта.