"Эркин-Тоо"

“Булбулу кетип бул дүйнө, Бузулуп турат көркүнөн”

Малик Аликеев… Комуздун үнүнө өзүнүн үнү бап келип, сыбызгыган кайрыгы адамдын ой-кыялын алда кайда алып учурган акындар, ырчылар аз болбоду. Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти Малик Аликеев ошол ырчылык өнөрдүн улуу салтын татыктуу улап келе жаткан ак таңдай ырчы эле. Жалпы журтка “Мөлмөлүм” менен таанылган, Барпы менен Токтосундун ырларын миң жаңыртып ырдап, арбагын бийик көтөргөн булбул үндүү ырчы болчу. Ал 1969-жылы Талас районунун Көпүра-Базар айылында жарык дүйнөгө келген, үйдүн кенжеси эле. Ал атасынын алтымыш жашка жакындап калганда көргөн эрке уулу болчу. Малик төрөлгөндө, атасы Манас төрөлгөндөй кубанган. Малик Аликеевге ырчылык өнөр атасынан өткөн. Атасы Жунуш аксакал айылга, алыс-жакынга белгилүү комузчу болгон. Убагында филармонияда да иштеген. Ал комуз чапканды да эң мыкты билген. Маликке ылайыктап чакан комуз чаап берчү. Малик ошол бала кезинен “бала” комузу менен күүлөрдү чертип жүрдү. Малик качан мектепке окууга келгенден тартып, комуздун коштоосунда ырдай баштаган. Апасы Калемкаш апа да жаш кезинде кыйын ырдачу. Турмуш шарттын айынан шаарга бара албай, ошол бойдон ырдабай калган. Ошентип, Малик Аликеевге талант атасынан да, апасынан да өткөн экен.

Малик Аликеев акыркы мезгилде катуу ооруп жүргөн. Бирок, Кудайдын амири менен оорудан жакшы болуп, былтыр күз айында филармонияда чоң концерт берген. Ошондо ырдаганын уккан эл “Малик кайрадан чоң сахнага келди” деп кубана кол чабышкан. Бирок, асылган оору акыры алып тынды. Акындын ден-соолугу күтүүсүз жерден начарлап, 17-январь күнү туулуп өскөн Көпүрө-Базар айылында 54 жашында каза болду. Антсе да талант өлбөс. Анын аткаруусундагы “Мөлмөлүм”, “Арзыкан”, “Таласым”, “Андалек” деген деген ырлар эрте-кеч радио менен телевидениеден, ар бир кыргыз баласынын жүрөгүнөн жаңырып, Маликтин ысымы кылымдардын кыйырын кезип жашай берер.

Төкмө акын Акматбек Султандын Малик Аликеевди жоктоо ыры:

Тулпар болор кулунду,
Эстекем, Толубайдай тааныган.
Ордолуу акын балага,
Орун берген жанынан.
Арзыкан деп безилдеп,
Далай, Арзуу сөз уккан селкиден.
Мөлмөлүм деп эргисе,
Музага аалам көлкүгөн.
Кайрыгы сайын шаңданып,
Кары-жыш бирдей мөңкүгөн.
Сыйкырдуу сүрдү өмүрдү,
Сүйүүнүн ууртап өртүнөн,
Булбулу кетип бул дүйнө,
Бузулуп турат көркүнөн.
Таланттуу жандар жулунбайт,
Тагдырын жеңет, кубулбайт.
Токойдо сайрайт алынча,
Торгойдун тобу суюлбайт.
Таңшыган ырчы көп эле,
Таласты сиздей ким ырдайт?
Музалар көктөн куюлбайт,
Муң-арман жулкуп куюндайт.
Миң булбул сайрайт токойдо,
Мукамы сиздей угулбайт.
Мөлтүлдөтүп жаркытып,
Мөлмөлдү сиздей ким ырдайт?

Өмүрбек ТИЛЛЕБАЕВ


Малик АЛИКЕЕВ

Кыргыз маданияты орду толгус жоготууга учурады.

2023-жылдын 17-январында 53 жаш курагында узакка созулган оорудан улам Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти Малик Аликеев дүйнөдөн кайтты.

Малик Аликеев Талас облусунун Талас районуна караштуу Көпүрө-Базар айылында 1969-жылы 6-июлда жарык дүйнөгө келген.

Бала кезден комуз чертип, «Курманбек», «Жаныш-Байыш» кенже эпосторун айтып, К.Алмазбековдун «Он үч жашар баланын арманы» ырын ырдап мектепке, айылга таанылган.

1985-жылдары СССРдин эл артисти, төкмө акын Эстебес Турсуналиев Талас шаарына гастролдоп барып, жаш таланттын өнөрүн өзгөчө баалап, Токтогул Сатылганов атындагы Улуттук филармонияга ээрчитип келген. Эки жылдык студияга тапшыртып, ошол эле учурда «Эл ырчысы Эстебес» тобунда эмгек жолунун башталышына себепкер болгон. Малик Аликеев аталган топто 16 жашынан баштап ишке киришип, отуз жылдан ашык эмгектенген.

Анын аткаруусундагы «Мөлмөлүм», «Арзыкан», «Таласым», «Сардал кыз», «Жалжалым» аттуу ырлары элдин жүрөгүнөн түнөк тапкан.

Өзгөчө Барпы Алыкуловдун «Мөлмөлүм» ырын Токтосун Тыныбеков чыгарган обону менен аткарууда Малик Аликеевдин жылдызы жанган. Аталган ырды алгач ал 1986-жылы 17 жашында эл алдына ырдап чыккан. Ошол күндөн ушул күнгө чейин Аликеевди эл сахнадан «Мөлмөлүмсүз» коё берген эмес.

Өмүрүнүн 40 жылга чукул убактысын ыр дүйнөсүнө арнап, ортодо ден соолугуна байланыштуу тыныгуу алган эле. Андан соң кайрадан чыгармачылыкка кайтып келип, Кыргыз улуттук «Манас» театрында эмгектенип жаткан.

Кыргыз элинин булбулу Малик Аликеевдин адамдык парасаты жана чыгармачылыгы кыргыз элинин эсинде түбөлүккө сакталат.

Маркумдун бир туугандарына, жакындарына жана үй-бүлөсүнө терең кайгыруу менен көңүл айтып, аза кайгысын тең бөлүшөбүз.

С.Н.Жапаров, Н.Т.Шакиев, А.У.Жапаров, З.К.Базарбеков, С.С.Касмамбетов, Э.Ж.Байсалов, А.Дж.Джунушалиев, С.А.Раев, А.А.Максутов, У.Э.Мамбетакунов, Т.Т.Казаков, К.О.Иманалиев, М.А.Бегалиев, Г.Садыбакасова ж.б.

Please wait while flipbook is loading. For more related info, FAQs and issues please refer to DearFlip WordPress Flipbook Plugin Help documentation.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!