"Эркин-Тоо"

“Булбулум, булбулум ай…”

Кыргыз Республикасынын эл артисти, залкар төкмө акын, обончу, маркум Элмирбек Иманалиевдин обондуу ырлар жыйнагы жарык көрдү. “Булбулум, булбулум ай” деп аталган жыйнакка 20 га жакын обондуу ырлары тексти жана нотасы менен орун алды. Акындын ырларын Кыргыз Республикасынын Эл артисти Атайбек Бөдөшов нотага түшүрсө, китепке Кыргыз Республикасынын Эл артисти Нурлан Нышанов редакторлук кылган. Китепте айрым ырларынын тарыхы дагы берилди. Аталган жыйнактын демөөрчүсү “Айтыш” фондусу өткөргөн иш-чара 20-апрелде Улуттук тарых музейинде өткөн иш-чара сүрөт көргөзмө жана концерттик программа менен коштолду. Эскерүү кечеге келген эл батпай, тикесинен үч саат туруп көргөнгө макул болуп, шыкалып турду.

“Элмирбек балабызга Жараткан талантты аябай, ченебей, өзү көтөрө алгыс кылып берген экен. Элмирбектин комузчулугу, төкмөлүгү, обончулугу, манас, дастан айтканы, сахнада роль жараткан актёрлугу, тели-теңтуш күткөнү, жазгы козудай жамыратып, жүздөн ашык шакирт тарбиялап, элди аралатып жибергени эмне деген улуулук, нарктуулук жана Кудайдын эмне деген баа жеткис сыйлыгы?! Казакстанда Астанада университет бар. Университетте акындык жана дастандык өнөрдү өркүндөтүү боюнча факультетинин деканы профессор, айтышкер акын Аманжол Алтаев:  “Элмирбектин айтышын “казак-кыргыз айтышынын классикалык үлгүсү”деп студенттерге кырк сааттык сабак окутулат” деп айтты. Кыргызда “кылычтын мизинен тилдин мизи курч, кайыштай тилет”, “сөздүн атасы ыр, сөздүн такасы чыр” дейт. Элмирбек эмне деген элге жете элек алтын сөздү, казынаны өзү менен көтөрүп кетип калды.  Атаганат, бүгүнкү күнү элдин сүймөнчүгүнүн жылмайып өзү отурганы кандай сонун болот эле,-” деди Мамлекеттик катчы Сүйүнтбек Касмамбетов.

“Элмирбек Иманалиев:

Кайран акын кадырыңды ким билет,

Кайра сени айтышабы жинди деп?

Бир ыр үчүн бир өмүрүң сарптайсың,

Бир окурман табасың же таппайсың!

Бакытыңды ырдан издеп келесиң,

Бакыт ырда эмесин кеч сезесиң… деп жазса дагы, Элмирбектин бактысы, тактысы китептеринде, сөздөрүндө калды. Бул деген түбөлүк такты. Ал эми биздин такты – бир эле жылдык экенин баарыбыз билебиз. Жалпыңыздарга жар салып айта турган нерсе Эл аралык “Элмирбек Иманалиев” атындагы фонд түзүлдү. Төрагасы төкмө акын Азамат Болгонбаев. Фонддун алгачкы ишмердүүлүгү “Аманат” ырлар жыйнагын казакчага Айбек Калиев которуп, Алма-Атада, казак туугандарыбыз менен бет ачарын өткөрүү менен башталды. Эл аралык фонд дегенбиздин себеби —  Элмирбек дүйнөлүк инсан. Көп түрдүү, ар өнөргө чап салган, ар өнөрдөн такшалган, жыгылуу эмне билбеген, кыргыздын алп таланты Элмирбек Иманалиевдин канча таланты болсо, анын ар бир салаасы боюнча китептер чыкканга, изилденгенге татыктуу. Ал “кулактан кирип бойду алган, укмуштуудай уккулуктуу обондордун дагы автору экени талашсыз. Канчалаган ырлары ырдалып жүрөт. Биздин айрым ырчылар ырдын сөзүн бузуп ырдап келгени жаңылык эмес. Элмирбек Иманалиевдин обондуу ырларынын тексттери дагы бузулуп, кордолуп калбасын деген ниетте  ушул китепти жарыкка чыгарып отурабыз. Нота билгендерге арнап, нотасын кошо чыгардык. Элмирбектин костюмунун топчусу түшүп калса, ошону кайра тага турган болсок, жөн эле бирөөгө төөнөтүп койбостон, атайын кесипкөй адамга тактырганда анан Элмирбек Иманалиевге татыктуу иш болот” деди Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Мирлан Самыйкожо.

“Убакыт дарылайт” деген сөзгө кошулбайм. Балдарым менен Элмирбекке болгон бир башкача сагыныч менен жашап жатабыз. Балдарым атасын эстеп ыйлашат. Ал каза болгондо кичинекей балам бир эле жашта болчу, бирок атасын эсинен чыгарбай кусаланат, издейт, күтөт. Элмир аркасына опол тоодой мурас калтырып кетиптир. Бүгүнкү обондуу ырлар жыйнагы анын талантынын, чыгармачылыгынын бир гана салаасы деп айтылып жатат. Эли барда Элмирбек эч качан унутулбайт,-” деди жубайы Нурзат Абдрашитова.

Афина Бакирова

 

 

 

Please wait while flipbook is loading. For more related info, FAQs and issues please refer to DearFlip WordPress Flipbook Plugin Help documentation.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!