Жаңы жыл алдында кыргыздын тоо мүнөз кызы Рысгүл Акимжанова өз элине мыкты белек тартуулады. Ал деңиз деңгээлинен 5681 метр бийиктикте турган Килиманджаро чокусуна чабуул жасап, аны багындырды. Килиманджаро Африкада, Танзаниянын түндүк-чыгышында жайгашкан эң бийик чокулардын бири. Ал 1902-1918-жылдардын аралыгында Кайзер Вильгелмдин чокусу деп аталып келген. Ар дайым ак кар басып турган бул тоо жөнүндөгү алгачкы маалымат биздин доорго чейин экинчи кылымда эле пайда болгон. Ал Птоломеянын географиялык картасында да көрсөтүлгөн. Килиманджаро тоосу биринчи жолу европалыктар тарабынан 1848-жылы ачылган. Килиманджаро деген ат “жаркырап турган тоо” деген маанини билдирет. Рысгүл Акимжанова кыргыздын кырмызы туусун Килиманджаронун чокусунда желбиретти. Биз интернет аркылуу Рысгүл айым менен ал Танзанияга барган алгачкы мүнөттөрдөн тартып байланышып турдук. Рысгүлдүн алгач тоонун этегиндеги альпинисттердин базасына баргандыгы, тоого чыгууга көрүлгөн даярдыктар, катуу жааган карга аралаш Килиманджарого аттанган таңкы төрттөгү сапары тууралуу кабардар болуп, ага ийгилик каалап турдук. Бул маек Килиманджаронун чокусунан алынды.
— Рысгүл айым, сизде тоолорго, альпинизмге болгон кызыгуу качан пайда болгон?
— Мен бала кезден эле табиятты, айрыкча тоолорду жакшы көрчүмүн. Тоолордун тынчтыгы, алардын күчү, сүрү жана сырдуулугу мени ар дайым өзүнө тартып келген. Бирок, альпинизмге кызыгуум кийинчерээк, жашоодогу жаңы чакырыктарды издеп, өзүмдү сыноону каалаган учурда пайда болду. Бул спорт мага физикалык гана эмес, руханий да эркти бекемдөөгө мүмкүнчүлүк берди.
— Кыз кишинин, айрыкча кыргыз кызынын альпинист болушу биринчи окуя болсо керек. Мунун сыры эмнеде?
— Менимче, бул жерде кеп менин кыргыз кызы экенимде эмес, адам катары өзүмө ишенүүмдө жана максатыма жетүүдөгү чечкиндүүлүгүмдө. Биздин улуттук менталитетибизде кыздар көбүнчө үй-бүлөдөгү кирди-чыкты турмуш менен чектелип калат, бирок мен ал салттуу эрежелерди кайра жазууга аракет кылдым. Альпинизмде, улуу, бийик тоолордун алдында улут же жыныс маанилүү эмес – бул жерде күч, эрк жана тоо менен болгон ички байланышың биринчи орунга чыгат. Бул аракет менен өзүмө жана башкаларга адамдын мүмкүнчүлүктөрү чексиз экенин көрсөтүүгө аракет кылдым. Мындан тышкары, менин максатым – жаштарга дем берүү, аларга кыялдарына ишенүүгө жана чоң нерселерден коркпоого чакыруу, үндөө.
— Сиз эки жыл мурда Эверестке чыгууга аркет кылып көрдүңүз эле?
— Ооба. Эверестке чыгуу физикалык жактан гана эмес, материалдык жактан да чоң сыноо болот. Азырынча каражат деле жок, анын үстүнө ага өтө чоң даярдык керек экен.
— Тоо эрки бош, жалтак, коркок кишилерди жактырбайт. Ал үчүн тоо мүнөз болуш керек.
— Бул сөздөргө толугу менен кошулам. Тоолор чынында эле ар кимди сыноого алат. Тоонун шарты жеңил эмес, жана ал сени ички дүйнөң менен кагылышууга мажбурлайт. Мен тоо мүнөз дегенди – бул чыдамкайлык, тайманбастык жана ар бир баскан кадамда ишеним менен алдыга жылуу деп түшүнөм.
— Сиздин Килиманджаро тоосуна чыгуу демилгеңизди кимдер колдоду?
— Мен жашоомдо ар дайым мени колдоп келген өмүрлүк жолдошум Эмилге терең ыраазычылык билдирем. Анын колдоосу, ишеними жана шыктандыруусу болбосо, бул сыяктуу чоң максаттарды көздөп, ишке ашыруу мен үчүн мүмкүн болбойт эле. Эмил менин ар бир кадамымда, ар бир сынагымда жанымда болуп, бекем арка-жөлөк болуп келет. Бул жолу тоого баруу чечимимде да ал мага ишеним берип, бардык жактан колдоо көрсөттү. Ага чексиз ыраазычылык билдирем!
— Азыр сиз менен кайсы өлкөлөрдөн келген альпинисттер жүрөт?
— Мени менен кошо бир топто Россиядан жана Казакстандан келген альпинисттер жүрүшөт.
— Килиманджаро тоосун багындыруу чечимине качан келдиңиз?
— Бул жерде агам Кадыр Сайдилкан жана Илим Карыпбековго ыраазычылык билдирем. Былтыртан бери эле ушул кишилер шыктандырып, Килиманджаро жөнүндө айтып, бар деп жүрүшкөн. Бул тоо Африканын бийиктигинин символу, ал эми мен үчүн жаңы тажрыйба, башка климаттык шарттарда өзүмдү сынап көрүү мүмкүнчүлүгү болду.
— Килиманджарого чыгыш үчүн кандай даярдыктан өттүңүз?
— Мен бул сапарга катуу даярдандым десем болот. Жай айларында Чоң-Алайдагы Ленин тоосуна чыктым. Андан кийин да машыгууну токтоткон жокмун. Жашоо ритмимди толугу менен өзгөрттүм. Машыгуу үчүн көптөгөн чакыруулардан, тойлордон, майрамдардан жана жолугушуулардан баш тарттым. Айланамдагылар таң калып, эмнеге мындай деп сурап жатышса да, максатымды сыр катары сактап жүрдүм.
— Африкага келгенден кийин бул жердин аба-ырайына, шартына көнүү үчүн адаптациядан өттүңүзбү? Килиманджарого карай сапар кандай башталды?
— Кыргызстандан Африкага сапарга жалгыз чыгып, Танзаниядагы Моши шаарында гана биздин топко кошулдум. Ал жакта биздин команда калыптанып, тоого карай алгачкы кадамдарды баштадык. Жол Килиманджаронун түпсүз жазык талааларынан башталып, тропикалык жунглилер аркылуу уланды. Бир нече базалык лагерлерде токтоп, акырындык менен бийиктикке көнүп отурдук. Бул жерде ар бир баскан кадам маанилүү эле: дем алуу кыйынчылык жаратып, кычкылтек азайган сайын, ар бир мүнөт чоң сыноого айланды. Биздин тоолор катаал болгону менен аба кургак, бул жактагы аба ным болгондуктан, дем алганда кыйын болду.
Бороон күнү аба ырайынын катаалдыгы сапардын эң оор учурларын жаратты. Абанын температурасы төмөндөп, шамал куюндай согуп турду.
— Кыйынчылыктарга чыдабай жарым жолдон кайтайын деген ойлор сизде болгон жокпу?
— Тоонун чокусуна жетпей, жолдон кайра кайткандар болду. Тоого чыга албай, ыйлап отургандарды да көрдүк. Кыйналганда кайра артка тарткың келет чынында. Бирок бул учур мага өзүмдүн чечкиндүүлүгүмдү кайрадан дагы бир жолу сынагандай болду.
— Килиманджарого Кыргызстандын желегин илип жатып, кандай сезимдерге туш болдуңуз?
— Килиманджаро – жүрөгүмдүн жана эркимдин чокусу болду деп айтсам болот. Килиманджарого чыгуу менин жашоомдогу эң унутулгус жана сыймыктуу окуялардын бири болду. Африканын эң бийик чокусуна көтөрүлүү – бул жөн гана физикалык жетишкендик эмес, бул өзүмө болгон ишенимимди бекемдеген, руханий күчүмдү сынаган, жан дүйнөмдү өзгөрткөн саякат болду. Саякатка даярдык көрүү маалынан тартып эле чоң толкундануу жана кызыгуу пайда болду. Бул максат мен үчүн жашоонун жаңы чегин ачуу менен теңдеш болду.
Акырында, 12 сааттык тозоктой көтөрүлүүдөн кийин чокуга жеттим. Африканын чатыры (Крыша Африки) деп коюшат Килиманджарону. Ошол чатырда (крыша Африки) туруп, тоолордун бийиктигине, таңдын атышына, сулуулугуна жана күчүнө таазим кылдым. Бул жерде жеңишимдин символу катары Кыргызстанымдын желегин желбиретип, жакындарыма жүрөгүмдөн чыккан ыраазычылыгымды билдирдим. Бул көз ирмемде көзүмө жаш толуп, жашоонун баалуулугун, максаттын чексиздигин терең сезип турдум.
Чыгуу канчалык кыйын болсо, түшүү андан да оор болду. Алты саат бою катуу шамал менен муздакка туруштук берип, кайра лагерь тарапка багыт алдык. Ар бир кадам физикалык күчтү гана эмес, мүнөздү да сынады. Килиманджаро мага жөн гана бийиктикке чыккандын эмес, руханий жеңиштин, күчтүүлүктүн жана чексиз мүмкүнчүлүктөрдүн символу болуп калды. Бул сапардан мен өзүмдү гана эмес, жашоонун өзүн кайра тааныдым десем болот. Адам өзүнө ишенсе, алдына чексиз максат койсо, мүмкүн эмес нерсе жок экендигине ынандым. Килиманджаро мен үчүн эркиндиктин, күчтүн жана жашоонун эң бийик символу бойдон калат.
Өмүрбек Тиллебаев