«Бурана мунарасы» археологиялык-архитектуралык музей комплексинин айланасын көрктөндүрүү боюнча долбоор даярдалды. Бул тууралуу Курулуш министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, эскиздик долбоорду Чүй райондук шаар куруу жана архитектура башкармалыгынын адистери иштеп чыккан. Анда аймакты жашылдандыруу, эс алуу жайларын уюштуруу, унаа токтотуучу орундарды түзүү жана туристтер үчүн ыңгайлуу коомдук мейкиндик жасоо каралган.
Долбоор Бурана мунарасына келген жергиликтүү жана чет өлкөлүк туристтер үчүн коопсуз, заманбап жана ыңгайлуу шарттарды түзүүгө багытталган.

