"Эркин-Тоо"

БУРСАДАГЫ ТҮРК МАДАНИЯТЫНЫН МАЙРАМЫ

Түркиянын Бурса шаарында ноябрдын алгачкы беш күнү түрк дүйнөсүнүн маданий ишмерлеринин, кино жаратмандардын жана таланттуу өнөр адамдарынын башын кошкон жалпы түрк маданиятынын күндөрүнө айланды. Үстүбүздөгү жылы ТҮРКСОЙ уюму Бурса шаарын түрк дүйнөсүнүн маданий борбору деп жарыялаган. Мына ушул тарыхый Бурса шаарында түрк тилдүү өлкөлөрдүн II Коркут Ата кинофестивалы болуп өттү.

КОРКУТ АТА КИМ БОЛГОН?

Акындыктын пири, күүнүн атасы Коркут Ата болжолу IХ кылымдарда жашап өткөн экен. Ал ошондой эле ойчул, көзү ачык, агартуучу болгон. Ал жашаган доордогу окуялар, анын айткан-деген насаат сөздөрү ооздон-оозго, урпактардан урпактарга өтүп жүрүп отуруп кийин орто кылымдарда кагазга түшүрүлүп “Коркут Ата китеби” деген ат менен биздин күндөргө жетти. Бул ысым жалпы түрк дүйнөсүнө кеңири таанымал жана дээрлик бардык түрк тилдүү элдер ага өздөрүн байланыштырышат. Анткени, анын мурасы бардык түрк тилдүү элдердин салт-санаасына жакын жана окшоштуктар көп. Ошол себептүү Коркут Ата жалпы түрк тилдүү элдердин орток мурасы десек болот. Демек, Түркия мамлекетинин демилгеси менен өтүп жаткан кинофестивалдын Коркут Атанын ысымын алышынын жүйөсү ушундай.

Түркиянын маданият жана туризм министри Мехмет Нури Эрсой

«Коркут Ата» кинофестивалынын жыйынтыктоочу бешинчи күнү кызыл килем төшөлүп, фестивалдын жеңүүчүлөрүнө сыйлыктар тапшырылды. Салтанаттуу аземде Түркиянын маданият жана туризм министри Мехмет Нури Эрсой фестивалдын идеясы пайда болгондон баштап биринчи кезекте кино аркылуу маданий байлыгыбызды ачып көрсөтүү жана мүмкүн болушунча көп катышуучулар менен ар түрдүү аспектиде ишке ашыруу болгонун айтты. Министр мырза Коркут Атанын кобуз (комуз) ойнолгондо “шамал токтоп, тоо жылып, чымчык учпай, суу токтойт” деп легендага айланган сөзүн келтирип, бул биздин түрк элинин искусствону уникалдуу сүрөттөөсү деп белгиледи. Бул сүрөттөө Коркут Атанын ички рухий деңгээлин көрсөтүп турса да, табият адамды уга тургандыгы, аны менен бир экендиги боюнча жалпылык феноменди эске салат деди министр. Баса, экинчи ирет өтүп жаткан кинофестивалдын тематикасы табиятка арналды.

Фестиваль “Курманжан Датка” фильми менен ачылды. Жалпысынан фестивалга түрк тилдүү мамлекеттерден 24 фильм жарышка түшсө, дагы 28 тасма фестиваль алкагында кино сүйүүчүлөргө тартууланды. Кыргызстандан фестивалга Таалай Кулмендиевдин “Үй сатылат” көркөм тасмасы жана документалдуу фильмдер тематикасы боюнча Асель Жураеванын “Кыргыздын кыраан кыздары” тасмасы сынакка сунуш кылынды. Мындан тышкары киносүйүүчүлөргө Айбек Дайырбековдун “Дарак ыры”, Бакыт Мукул менен Дастан Жапар уулунун “Эдемге карай жол” тасмалары көрсөтүлдү.

БИРГЕЛЕШКЕН ДОЛБООРЛОРДУ ИШКЕ АШЫРУУ МҮМКҮН

Фестивалдын төртүнчү күнү түрк киносунун бүткүл дүйнөлүк II cаммити өттү. Эске сала кетсек, былтыркы жылы алгач ирет Стамбулда өткөн «Коркут Ата» кинофестивалынын алкагында түрк киносунун I саммити өткөн. Саммиттин ачылышынан кийин түрк режиссёрунун адам менен табияттын байланышы жөнүндөгү кыска тасмасы тартууланды.

Саммитке түрк дүйнөсүнөн 6 өлкөнүн өкүлдөрү катышып, ой-пикирлерин ортого салышты. Саммитти ачып Түркиянын маданият жана туризм министринин орун басары Ахмет Мисбах Демиржан кинофестивалдын катышуучуларын бир столго отургузуп, бири-бири менен тааныштыруу жана көңүлдө баккан же баштап жаткан долбоорлорду ортого салып, колдоого алуу негизги максат экенин белгиледи. ТҮРКСОЙдун Баш катчысы Султан Раев дагы сөз сүйлөп, түрк дүйнөсүнүн кино жаратмандарынын башын бириктирип, бирдиктүү платформа түзсөк деген пикирин айтты. Ошондой эле Бурса шаарынын мэри Алинур Акташ жана шаардык парламент депутаттары сөз сүйлөштү.

Саммиттин катышуучулары ортого чыгып, өз долбоорлору менен тааныштырып, болочоктогу тасмаларынын канчалык актуалдуулугун, кандай пландаштырып жатканын айтып беришти. Голливуддагы казак режиссёру Тимур Бекмамбетов өзүнүн Кожо Насреддин долбоору боюнча мындай деди: “Баарыбыздын башыбызды кошо турган персонаж издедим. Кожо Насреддин адамдардагы баалуулуктарды бекем карманган, ошол эле учурда шаңдуу персонаж. Аны бардык элдер билет, жакшы көрөт. Азыр ушул долбоорду даярдап жатам. Бир эле окуянын ичинде миңдеген окуялар бар, сүйүү да болот. Насреддиндин окуялары анын минген эшегинин оозу менен айтылат. Азыр артисттерди карап, бул долбоордун үстүндө иш жүрүүдө”, — дейт белгилүү режиссёр. Тимур Бекмамбетовдун пикиринде Американын эң маанилүү күчү Голливуд, кино менен жаштар өсүүдө. Ал Түрк дүйнөсү жаңы ойгонуп жатканын, маданияттын чеги жок экенин айтты.

Саммитте Кыргызстандан барган Аскат Табалдиев дагы өз долбоорлорун тааныштырып, эрте никеге туруу сыяктуу социалдык көйгөйдү камтыган “Ала качуу” сыяктуу бир катар долбоорлордун үстүндө иштеп жатканына токтолду.

Адилет Акматов дагы саммитте өз долбоорлорун жактап, сунуш кылуу үчүн барган. Тактап айтканда, анын каскадёрлордун кызматын сунуш кылуу жана жаратылышты коргоо боюнча кино долбоорлору бар.

Ал эми Түркиянын ТРТ АВАЗ телеканалынын кино тармагынын жетекчиси Фарух Гувен түрк дүйнөсүнүн режиссёрлору менен иштеше тургандыгын жана аларга кайрылуу мүмкүнчүлүгү түзүлгөнүн билдирди. Анын айтымында кинодолбоорлорду январь айында кабыл алып, жеңүүчүлөр июль айында аныкталат. Ошондой эле жаш режиссёрлорго тажрыйба бөлүшүп, колдоолорду көрсөтүүгө даяр. ТРТ каналы аннимациялык жана сериалдарды тартуу жагынан дүйнөгө таанымал.

Белгилей кетсек, биринчи Коркут Ата кинофестивалында эле түрк дүйнөсүнүн кино фондун түзүү ниети боюнча декларацияга кол коюлган. Андыктан келечекте өз кинодолбоорлорун сунуш кылган авторлордун арасынан иргелип, каржылык жана башка колдоо көрсөтүлүшү толук ыктымал. Фонддун каражаты менен биргелешкен тасмаларды тартуу мүмкүнчүлүгү бар. Азыркы учурда фондго Азербайжан жана Түркия өлкөлөрү кирип, 50 млн доллар эсебинде каражат топтолгон. Келечекте башка түрк тилдүү мамлекеттер дагы өз салымын кошсо ири долбоорлорду ишке ашыруу мүмкүнчүлүгү түзүлөт.

КАЛИПА ТАШТАНОВАНЫН СЫЙЛЫГЫ

Кинофестивалдын жыйынтыгында “Жылдын мыкты фильми” номинациясында “Өзбекфильм” тарткан “Аялдын тагдыры” тасмасы гран-приге татыктуу болду.

“Курманжан Датка” фильмин тарткан режиссёр, учурда Кыргыз Республикасынын Франциядагы элчиси Садык Шер “Түрк маданиятына кошкон салымы үчүн” номинациясы менен сыйланды. Кинофестивалга сунуш кылынган Таалай Кулмендиевдин “Үй сатылат” тасмасында роль аткарган Калипа Таштанова “Аялдын мыкты ролу үчүн” номинациясы боюнча жеңүүчү болду. Ал эми “Эркектин мыкты ролу үчүн” сыйлыгы казакстандык актёр Кайрат Кемаловго “Ак боз үй” көркөм тасмасында аткарган ролу үчүн ыйгарылды. Мындан башка бир катар сыйлыктар өз ээлерине тапшырылды.

ТҮРК ЭЛДЕРИНДЕ ТАРЫХЫЙ ОРТОК ДҮЙНӨ БАР
ТҮРКСОЙдун Баш катчысы Султан Раев:

Фестиваль жалпы түрк дүйнөсүн кино дүйнөсүндө бириктирүү, биргелешип фильм тартуу менен катар эле которуу, дубляж, көрсөтүү сыяктуу иштерде кызматташат. Биз бирибирибиз менен кино, маданий байланыштарды чыңдоо максатын койдук. Анткени, түрк дүйнөсүндө тарыхый орток дүйнөбүз бар. Мисалы, мына Түркиянын Изник шаарында сельчуктардын доорунда согушкан Кыргыздардын күмбөзү бар. Ошондой эле орток темаларды көтөрүү максаты да турат. Же болбосо “Өзбекфильм” менен Түркиянын ортосунда чоң долбоор башталды. Алардын башын кошкон бир механизм болушу керек. Учурда түрк дүйнөсүнүн кинофондун түзү боюнча иштер болуп жатат. Бул фонддун каражаты менен биргелешкен фильмдерди тартса болот. Бизде да чоң долбоорлор бар, аны ишке ашырганга күчүбүз жетпейт. Мисалга айтсак, Манасты масштабдуу чоң фильм кылып тартканга чоң каражат керек. Фестиваль ушундай улуттук өзгөчө долбоорлорду жылдырууга колдоо көрсөтө тургандай деңгээлде болушу зарыл. Ошол эле учурда улуттук долбоор түрк дүйнөсүнө кандайдыр бир байланышы, салымы болушу керек.

«КОРКУТ АТА» КИНОФЕСТИВАЛЫНЫН КЕЛЕЧЕГИ ЧОҢ
Кинофестивалга конок катары катышкан кинорежиссёр Замир Эралиев:

Мага Коркут Ата кинофестивалы жакты. Мен бул фестивалдын келечеги чоң деп ойлойм. Мында түрк мамлекеттери биригип, бири-биринин кинолорун сынап, биргелешип иштөөгө шарт түзүлүп турат. Бири-бирибизди сынабасак күчтүү тасмалар тартылбайт да. Буга чейинки менин байкоомдо биздин жаштарыбыз бир аз сынга көтөрүмү жок болуп жатат. Күчтүү тасмаларды тартып алып чыгышыбыз керек. Бул фестивалдын түпкү максаты да ушул деп ойлойм. Бурсада биз баарыбыз бири-бирибизди көрдүк, пикир алыштык, келечегибизди талкууладык. Ушунун өзү жакшы башталыш деп ойлойм.

№98 «Эркин-Тоо» гезити
2022-жылдын 11-ноябры
Бегим ТУРДАЛИЕВА Бишкек–Бурса–Бишкек

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!