Бишкек шаарында 2 күндөн бери маршруттук каттамдардын айдоочулары иш таштап, анын айынан жүргүнчүлөр кыйналып жатышат. Бул маселе мурдатан бери көтөрүлүп келгени менен, аны борбор шаарынын мэриясы чечпей келген. Мындай пикирин Жогорку Кеңештин депутаты Бурул Аманова парламенттин кезектеги жыйынында билдирди.
«Учурда маршруттук кичи автобустардын айдоочулары жол кирени көтөрүү маселеси менен иш таштап, анын айынан жөнөкөй жарандар кыйналып жатышат. Мындайча айтканда ордо калаабызда жол коллапсы пайда болду. Бул маселе бүгүн эле эмес, көптөн бери айтылып келе жаткан. бирок ушул убакытка чеийин мэрия тарабынан эч кандай чара көрүлбөй келген»,- деди депутат.
Депутат Кожобек Рыспаев дагы учурдагы жол көйгөйүнө токтолуп: «Маршруттук каттамдардын айдоочуларын иш таштоосу боюнча протоколдук тапшырманы Өкмөткө эмес, Бишкек шаарынын мэриясына беришибиз керек. Калаа башчысы эмне үчүн ушул күнгө чеийин бул маселени чечкен эмес? Келип биздин суроолорубузга жооп берсин», — деген талабын койду.
Өз учурунда депутат Марлен Маматалиев эл өкүлдөрү маршруттук кичи автобустардын айдоочуларды кабыл алып, алардын койгон талаптарын угууга даяр экендигин билдирди.
Ошондой эле парламентте иш таштаган айдоочуларды лицензиядан ажыратуу маселеси да каралды.
Эскерте кетсек, кечээ Бишкек шаарынын кичи автобустарынын айдоочулары жол киренин акысын жогорулатуу талабы менен ишке чыгышкан эмес.