"Эркин-Тоо"

БУУ Биргини мыкты туристтик айыл деп атады

Бириккен Улуттар Уюмунун Бүткүл дүйнөлүк туризм уюму (UNWTO) 2022-жылдын мыкты туристтик айылдарын жарыялады. UNWTOнун маалыматына караганда 2022-жылдагы тизмеге дүйнө жүзү боюнча он сегиз өлкөнүн 32 дестинациясы киргизилген. Бул тизмеге Измирдин Өдемиш шаарындагы Бирги айылы да кошулган. Бирги айылы өзгөчө архитектурасы, материалдык эмес маданий баалуулуктары, инновациясы жана туруктуу өнүгүүсү менен дүйнөдөгү мыкты туристтик айылдардын катарына катталган.

«МЫКТЫ ТУРИСТТИК АЙЫЛ» БОЛУУДАГЫ БАШКЫ ТАЛАПТАР

«Мыкты туристтик айыл» номинациясы туризмди өнүктүрүүнүн генератору жерлерге, жаңы бизнести жолго коюууга шарты бар аймактарга, киреше алуу мүмкүнчүлүгү жогору болгон айылдарга берилет. Муну менен катар маданий баалууктарды сактоо, жайылтуу жана өнүктүрүү критерийлерине да басым жасалат. Ошондой эле БУУнун Туруктуу өнүгүү программасына төп келген дестинацияларга да бул багытта артыкчылык берилет.

Туризмде алдыга озгон Түркия. БУУ Биргини мыкты туристтик айыл деп атадыБИРГИ КЫШТАГЫ ТУУРАЛУУ КЫСКАЧЫ БИЛГИ

Бирги айылы Измир облусунун Өдемиш шаарынан жети чакырым алыстыкта ​​жайгашкан. Айыл ЮНЕСКОнун Дүйнөлүк мурастар тизмесине кирген Эфес, ошондой эле мөмө шараптары менен белгилүү Ширинже, Чешме, Алачаты жана Сеферихисар сыяктуу эс алуу жайларына жакын болгондуктан жергиликтүү жана чет элдик туристтер жайы-кышын арылбайт.

Туризмде алдыга озгон Түркия. БУУ Биргини мыкты туристтик айыл деп атадыБАЙЫРКЫНЫН ИЗДЕРИ КАЛГАН БИРГИ

Бирги айылынын көчөлөрү таза, бак-дарактуу жашыл аймак. Эгей деңизинин эпкини айылга тийип, салкын жел дайым согуп турат. Айылда XII-кылымга таандык үйлөр, эски курулуштар бар. Тратуарларында кылымдык таш тамандар (брусчаткалар) дагы деле төшөлүп турат. Көчө аралап бассаң байыркы издери байкалып, өтмүштүн атмосферасы сакталып калгандай сезилет.

Туризмде алдыга озгон Түркия. БУУ Биргини мыкты туристтик айыл деп атадыБИРГИ КЫШТАГЫНЫН  ТАРЫХЫ

Бирги кыштагынын  тарыхы биздин заманга чейинки 3000-жылга барып такалат. Фригиялыктар, лидиялыктар жана перстер башкарган Бирги аймагы, Пергамон падышалыгы жана Рим жана Византия империяларынын бир бөлүгү болгон. Айыл Анадолу княздыктары доорунда Айдыноулдары княздыгынын борбору болуп турган. 1426-жылы Бирги Осмон империясынын карамагына өтүп, 17-кылымга чейин административдик жана маданий борбор болгон.

АЧЫК АСМАН АЛДЫНДАГЫ МУЗЕЙ

Бирги айылын ачык асман алдындагы музей десек да болот. Дестинацияга барып калсаңыз, күмбөз, медреселер жана мечиттер менен катар Анадолу княздыктары жана Осмон дооруна таандык көптөгөн тарыхый курулуштар менен фонтандар, мончо жана китепканаларды көрөсүз. Аймакта 200дөн ашык тарыхый эмгектер сакталып турат.

Туризмде алдыга озгон Түркия. БУУ Биргини мыкты туристтик айыл деп атадыАнадолу княздыктарынын доорунда курулган Улу мечити (Айдыноглу Мехмет Бей мечити) 18-кылымда архитектура кандай өнүккөнүн көрсөтүп турат. Ошондой эле айылдагы Чакырага сарайы, Имам Биргиви мүрзөсү, Сандыкоглу сарайы, Дервишага мечити жана Үммү Султан Шах күмбөзү да кишинин көңүлүн бурган тарыхый курулуштар болуп саналат.

Туризмде алдыга озгон Түркия. БУУ Биргини мыкты туристтик айыл деп атадыБирги кыштагы 1996-жылы «Өзгөчө коргоого алынган аймак» деп жарыяланган. Айыл 2012-жылы ЮНЕСКОнун Дүйнөлүк мурастар тизмесине киргизилген. Мындан тышкары Бирги аймагын Түркиянын Cittaslow (Жай шаар) шаарларынын тизмесине киргизүү аракеттери да көрүлүүдө.

Туризмде алдыга озгон Түркия. БУУ Биргини мыкты туристтик айыл деп атадыБИРГИГЕ БАРЫП БИР ЭС АЛЫП КЕЛИҢИЗ

Бирги айылы кооз жаратылышы жана жергиликтүү ашканасы, ошондой эле бай тарыхы менен белгилүү. Бул дестинацияда айылдын чыныгы атмосферасы сезесиз. Жергиликтүүлөр менен тал-терек, чынарлардын көлөкөсүндө көк иче баарлашып, айылдын маданияты жана тарыхы менен таанышып кетүүгө болгон мүмкүнчүлүктөр түзүлгөн.

Туризмде алдыга озгон Түркия. БУУ Биргини мыкты туристтик айыл деп атады
БИРГИ КАЙСЫ ТАМАКТАРЫ МЕНЕН БЕЛГИЛҮҮ?

Биргинин жергиликтүү ашканасы, гастрономиясы да өзгөчө. Айыл деңиз азыктары, зайтун майлары, жүзүмзарлары, чөп-чар менен жасалган тамак-аштары менен белгилүү. Биргинин даамдуу тамактарынын арасында толугу менен табигый азыктардан жасалатурган Эгей эртең мененки тамагы бар. Ошондой эле айылдагы чайканаларда тоок шорпо, куурулган же органикалык чөптөр кошулган салаттар, май кошулган кешкек (буудай/арпа жана эттен жасалган тамак), чатал шорпо жана ашкабак гүлүнө фарш салынган тамактар жасалат.

Туризмде алдыга озгон Түркия. БУУ Биргини мыкты туристтик айыл деп атадыМуну менен катар Бирги айылынын ашканалары эски таш мештерде кургатуу менен даярдалган бесмет, Өдемиш картошкасынан жасалган картошка тамактары жана кара тыт ширеси жана Боздаг карынын аралашмасынан даярдалган кар халвасы менен популярдуу.

Биргиге бир келип, кыштак кыдырганча бир чер жазып, өзгөчө тамактарынан даам сызып, тарыхый локациялары менен да тааныша кетиңиз. Биз сизди Биргиден күтөбүз!

Please wait while flipbook is loading. For more related info, FAQs and issues please refer to DearFlip WordPress Flipbook Plugin Help documentation.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!