COVID-19 пандемиясы коомдун социалдык, экономикалык жана саясий чөйрөсүнө чоң таасирин тийгизип, адам укуктары жаатындагы көйгөйлөрдү күчөттү. Бул тууралуу БУУнун Адам укуктары боюнча жогорку комиссарынын 2020-жылга карата отчетунда айтылат.
БУУнун маалыматына ылайык, пандемия жакырчылыктын өсүшүнө, зомбулуктун жана теңсиздиктин тереңдешине алып келген. Буга кошумча пандемия 2030-жылга чейинки туруктуу өнүгүү максаттарын ишке ашырууга терс таасирин тийгизгендиги белгиленди.
«Пандемия басаңдаганда эл аралык коомчулук адам укуктарын тийиштүү деңгээлде коргой турган туруктуу системаларды курууга бардык күч-аракетти жумшайт», — деп айтылат.