«Кумтөр Голд Компани» жабык акционердик коомунун президенти – башкармалыктын төрагалыгына Бузурман Субанов шайланды. Nиешелүү чечим «Кумтөр Голд Компани» жабык акционердик коомунун Директорлор кеңеши тарабынан кабыл алынганы кабарланды. Белгилей кетсек, буга чейин «Кумтөр Голд Компанинин» жетекчиси кызматын аркалаган Алмазбек Барыктабасов башка ишке өткөндүгүнө байланыштуу кызматынан өз каалоосу менен бошотулган.