Быйыл Бишкектин четиндеги 11 калктуу конушту газдаштыруу пландалууда. Бул тууралуу «Газпром Кыргызстан» компаниясынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, учурда Төкөлдөш, Ак-Тилек, Ак-Тилек-2, Ак-Тилек-Турбаза жана Ала-Арча калктуу конуштарында, ошондой эле иштер Чүй облусунун Новопавловка жана Селекция айылдарында газдаштыруу боюнча иштер жүрүүдө. Жакын арада Бакай-Ата, Жогорку Көк-Жар, Попеновка жана Товарная калктуу конуштарда дагы иштер башталат.
2023-жылы газдаштырыла турчу калктуу конуштарда газ бөлүштүрүүчү тутумдардын долбоордук узундугу 218 км түзөт.