"Эркин-Тоо"
Жаңылыктар

Быйыл 1200 чакырымдан ашык жолго асфальт төшөлдү

Жыл башынан бери өлкө боюнча 1200 чакырымдан ашык жолго асфальт төшөлдү. Бул тууралуу Транспорт министрлиги билдирди.

Министрликтин айтымында, учурда өлкөнүн бардык аймактарында жол куруу иштери жүрүп жатат. Алардын ичинде Барскоон–Бедел, Балыкчы–Бөкөнбаев–Каракол, Нарын–Баетов жана Ала-Бука–Жаңы-Базар–Кировка жолдору бар.