Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин мектептеги билим берүү саясаты жана китеп чыгаруу башкармалыгынын жетектөөчү адиси Кылым Сыдыкназарова билдирди. Кылым Сыдыкназарова 2022-2023-окуу жылында 185 миӊге жакын бүтүрүүчү мектепти аяктай тургандыгын. Алардын коопсуздугун сактоо жана «Акыркы коңгуроо» салтанатын тынч өткөрүп алуу үчүн учурда чаралар көрүлө баштагандыгын белгиледи. Анын айтымында, эртең 25-майда билим берүү жайларынын айланасында укук коргоо кызматкерлери күнү-түнү күзөттө турушат.