Үстүбүздөгү жылдын соңуна чейин Баткен облусунда 13 ири өндүрүш ишканасын ишке берүү пландалууда. Бул тууралуу президенттин Баткен облусундагы өкүлчүлүгү кабарлады.
Маалыматка ылайык, жаңы ачыла турган ишканалар аймактагы экономиканы өнүктүрүүгө жана жаңы жумуш орундарын түзүүгө багытталат. Аткарылуучу долбоорлордун катарында энергетика, кайра иштетүү, логистика жана курулуш тармактары камтылган.
Жыл аягына чейин ишке берилүүчү негизги объектилер төмөнкүлөр:
- Кадамжай районундагы «Кожо-Кайыр-1» кичи ГЭСи (300 кВт);
- Жеңиш айылында «Халмион Пром» ЖЧКсы куруп жаткан автогазоблок заводу;
- Көк-Талаа айылындагы Кыргыз-Түрк биргелешкен мунайды кайра иштетүүчү завод;
- Айдаркен шаарындагы таш майдалоочу жана бетон аралаштыруучу завод;
- Лейлек районунун Катраң айылындагы соода-логистикалык борбор;
- Лейлек районундагы “Сүлүктү талаа–11” көмүр кени;
- Сүлүктү шаарындагы “Адахан” жана “Мурас” көмүр кендери;
- Баткен районунун Самаркандек айылындагы логистикалык борбор;
- Ак-Татыр айылындагы пластикалык калдыктарды кайра иштетүүчү ишкана;
- Самаркандек айылындагы жашылча-жемиштерди кайра иштетүүчү цех;
- Кызыл-Кыя шаарындагы шифер комбинаты;
- Баткен шаарындагы өнөр-жай зонасында курулуп жаткан асфальт-бетон заводу.