"Эркин-Тоо"

БЫЙЫЛ ДА ОКУУ КИТЕПТЕРИ ТАҢКЫСПЫ?..

Жаңы окуу жылы башталгандан бери ватсап группаларда ата-энелер китеп соодасын кайрадан жүргүзө башташты. Айрымдар китеп сатам десе, башкалары мектепте жок китепти издеп кайрылуу жазышууда. Китеп саткан дүкөндөр кардарларга толгон. Эмне үчүн окуу жылы башталганда ата-энелер дайыма китеп издеп убара болушат? Билим берүү жана илим министрлигинин мамлекеттик тилди өнүктүрүү жана китеп басып чыгаруу секторунун башкы адиси Самат ТОЯЛИЕВ биздин суроолорго жооп берди.

— Самат мырза, эмне үчүн быйыл да ата-энелер китеп издешүүдө? Мектептерде китеп жетишсиздиги барбы?

— Быйыл жаңы окуу жылына карата окууметодикалык комплекстерди даярдоого жана сатып алууга республикалык бюджеттен 152 миллион сом каралган. Бүгүнкү күндө 36 882 920 сомго 136 320 нуска басылып чыккан. Алардын басымдуу бөлүгү 7-8-класстын окуучуларына арналган. Ал эми сентябрдын ортосунда «Алиппе» китебин басып чыгаруу пландалууда. Алдыда дагы миллиондон ашык китеп даярдалууда. Андан тышкары, окуу китептеринин ижара акысынан түшкөн каражаттын эсебинен 172 миллион сомго 622 105 нускада окуу-методикалык комплекстер басылып чыгат.

 — Алиппе китеби сентябрь айынын орто ченинде басылып чыга турган болсо, ага чейин окуучулар кайсы китепти окушат?

— Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан буга чейин сунушталып келген Сулайман Рысбаев сыяктуу авторлордун Алиппе китеби пайдаланылат.

— Ар мектепте ар кандай китептер колдонулуп келет. Эмне үчүн?

— Билим берүү жөнүндө мыйзамда мугалимге китеп тандоо укугу берилген. Биз Билим берүү жана илим министрлигинин өкүлү менен баарлашкан соң, китеп таңкыстыгынын жана ватсап группалардагы китеп соодасынын кайдан келип чыкканын түшүндүк. Эгер ар бир мектеп өзү каалаган китебин тандап алуу укугуна ээ болсо, албетте ата-энелер китеп издеп дүкөн кыдырышат. Ар мектепте ар кандай китептердин окутулушу, албетте, баш аламандыкка алып келет. Билим берүү жөнүндө мыйзамдын 21-беренесинде “Билим берүү уюму баалоо системасын, билим берүү процессинин методикаларын жана билим берүү технологияларын, анын ичинде аралыктан билим берүү технологияларын өз алдынча тандайт” — деп жазылып турат. Билим берүү жана илим министрлиги билим берүү уюмдарына бекитилген стандарттарга ылайык айрым авторлордун китептерин сунуштап, ал эми мектеп ошол авторлордун китептерин өз алдынча тандап окутат. Мындай ыкма мугалимдердин чыгармачылыгын колдоо үчүн киргизилгенин министрликтен билдиришти.  Билим берүү жана илим министрлигинин буйругуна ылайык, быйылкы окуу жылында китеп ижара акысы 25 сом деп бекитилген. Тийиштүү буйрукка министр Каныбек Иманалиев кол койду. Окуу китебинин ижара акысын төлөө мөөнөтү 2023-жылдын 31-декабрына чейин деп белгиленген. Мектептерде окуу китептеринин ижара акысын киргизүү жаңы китептерди сатып алууга шарт түзөрү айтылды. 2017-жылга чейин чыгарылган китептерге ижара акы алынбайт.

 

Жазгүл КЕНЖЕТАЕВА

№71 «Эркин-Тоо» гезити

2023-жылдын 5-сентябры

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!