"Эркин-Тоо"

Быйыл мамлекетибиз үчүн жемиштүү жыл болду

2023-жыл – жумурай журтубуз үчүн жемиштүү, жакшылыктарга бай, токчулуктун, молчулуктун жылы болду. Эң башкысы, өлкөбүздө тынчтык өкүм сүрүп, чек арада эч кандай чыр-чатактар болгон жок. Мамлекеттин экономикасында кадимкидей өнүгүп-өсүү байкалды. Бюджет үч эсеге көтөрүлдү. Биз ошол аткаруу бийлигиндеги жасалган жыл ичиндеги урунттуу учурларга назар сала кетелик.

БЮДЖЕТ 570 МЛРД СОМГО ЧЫКТЫ

2023-жылдагы бюджеттин кирешеси 352 млрд 807 млн сом, чыгашасы 361 млрд 795 млн сом болуп, тартыштык 8 млрд 987 млн сомду түздү. Ал эми 2024-жылдын бюджетинин киреше бөлүгү 378 млрд 437 млн сом болуп, чыгаша 367 млрд 500 млн сомду түзүп, республикалык бюджет 10 млрд 900 млн сом дефицит менен эмес, профицит менен бекитилди. Былтыр, 2023-жылдын бюджети 503,4 млрд сом деп бекитилген, жыл жыйынтыгы менен 570 млрд сом болду. 2020-жылы бюджет 248 миллард болсо, азыр үч эсеге өсүп, 570 миллардга жетти. Кийинки, 2024-жылдын бюджети 600,7 млрд сом деп бекитилди. Буга чейин консолидацияланган бюджет жыл сайын максимум 28 млрд сомго чейин гана жетчү. Ал дагы 2011-жылы болгон. Калган жылдары орточо 15 млрд сомго гана өскөн.

ИДП 1 ТРИЛЛИОН СОМДОН АШТЫ

2023-жылдын январь-ноябрында Кыргызстандын ички дүң продуктусунун көлөмү 1 триллион сомдон ашып, өткөн жылдын тиешелүү мезгилине салыштырмалуу 4,4%га көбөйдү. 2022-жылы ИДПнын көлөмү 11,5 млрд долларды түзгөн. 2024-жылы эки эсе көбөйүп, 1 трлн 259 млрд сомду түзгөнү турат. Калктын жан башына ички дүң өндүрүмдүн көлөмү эгерде 10 жыл ичинде (2010-2020-жж.) болгону 311 долларга гана өскөн. Акыркы үч жылды алсак, 700 долларга көтөрүлдү. Статкомдун маалыматында, быйылкы жылдын тогуз айында орточо айлык 32 миң сомдон ашты. Анын реалдуу өлчөмү керектөө бааларынын индексин эске алып эсептегенде 10,7%га өстү.

БАЖЫ ЖАНА САЛЫК КЫЗМАТЫ ҮЗҮРЛҮҮ ИШТЕДИ

Бажы тармагынын быйылкы кирешеси 111 млрд сомдон ашты. Өткөн жылы 74,3 миллард сом чогулган. Белгилей кетишибиз керек, мурдагы жетекчилердин маалында 30 миллиарддын айланасында гана киреше кирчү. Мисалы, бажы тармагынан 2016-жылы 29,3 млрд, 2017-жылы 34,2 млрд сом чогултушкан. Ошол жылдарды быйылкы 111 млрд сомго салыштырганда, ортодогу айырмасы 73 млрд сом болду. Ал эми Салык кызматы 11 айда 225 млрд 744,7 млн сом салык жана камсыздандыруу төгүмдөрүн жыйнады. План 3,5 млрд сомго ашыгы менен аткарылып, 2022-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 39,9 млрд сомго көп чогултулду. Кошумча салык киргизилген жок. ККМ, ЭТТК, ЭЭФ жана башка долбоорлорун киргизүү жана колдонуу салыктарды чогултуу процессинин натыйжалуулугун кыйла жакшыртты.

Белгилей кетсек, 2019-жылы Салык кызматы 78,2 млрд сом жыйнаса, 2023-жылы 183,5 млрд сом чогулткан. Салыштырсак 105 млрд сомго көп. Келерки, 2024-жылга салык кызматы 200 млрд сом жыйнары күтүлүүдө, бул 2023-жылдагыдан 47 млрд сомго көп. 2023-жылдын 11 айына карата жалпы норматив менен жеткирилген салыктык эмес кирешелердин жеткирилген планы 54 млрд 484 млн 67 миң сомду түздү, ал эми 11 айда аткарылганы 72 млрд 992 млн 45 миң сом болуп, пайыздык көрсөткүч планга карата 134 пайызды түзүп, ал эми 11 айга карата пландагыдан 18 млрд 507 млн 78 миң сомго ашыкча жыйналган.

СОЦИАЛДЫК ФОНДДУН КИРЕШЕСИ 94 МЛРД СОМДОН АШТЫ

2023-жылдын 11 айында Социалдык фонддун жалпы кирешеси 94 млрд 209,9 млн сомду түздү. 2022-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу бюджеттин кирешеси 22 033,1 млн сомго, же 130,5%га өстү. Ошондой эле, 2023-жылдын 11 айында Социалдык фонддун бюджетинин жалпы чыгашалары 80 млрд 462,8 млн сомду түздү. 2022-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу бюджеттик чыгашалар 16 млрд 855,9 млн сомго же 126,5%га өскөн. Мындан сырткары, 2023-жылдын 11 айында республикада пенсияны каржылоо 67 млрд 624,5 млн сомду түздү, бул 2022-жылдын ушул мезгилине карата 15 029,3 млн сомго көп. Буга катар, 2023-жылдын 11 айында Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду 3910,1 миллион сомго, Эмгекчилердин ден соолугун чыңдоо фонду 324,1 миллион сомго каржыланган. Жыл башынан бери пенсияны каржылоого 67,6 млрд сом сарпталган.

Президент демилгелеген “Социалдык контракт” долбоору быйыл да өзүнүн жүрүшүн улантып, 2023-жылы 10 миңден ашык үй-бүлөгө чакан ишкерлик үчүн 100 миң сомдон берилди. Аталган долбоор элибизге оң таасирин тийгизип жатканына күбөбүз. 2022-жылы бул долбоордун алкагында 2800 үй-бүлөгө 100 миң сомдон алса, эмдиги жылы 20 миң үй-бүлөгө берилгени турат. Мындай кадамдар жакырчылыкты жоюуга багыт алары бышык.

ТЫШКЫ КАРЫЗ ТӨЛӨНӨТ

Эң ири көлөмдөгү карыздарды төлөө убактысына жеттик. 2004-жылы 3,1 млрд сом, 2008-жылы 5 млрд сом, 2011-жылы 9,4 млрд сом, 2017-жылы 20,6 млрд сом, 2019-жылы 28,1 млрд сом төлөнгөн. Жыл сайын карызды төлөөнүн көлөмү графикке ылайык өсүп келе жатат. 2022-жылы 33,6 млрд сом карыз төлөнгөн, быйыл 344 млн доллар төлөндү. 2030-жылга чейин ири өлчөмдөгү карыздарды төлөйбүз. 2024-жылы 400 млн доллар, ал эми 2025-жылы 430 млн доллар төлөнөт. Айта кетчү нерсе, карыз башкы көйгөйгө айланбай калды. Карыздын ордуна кен байлыктарды беребиз деген коркунучтар жоюлду.

ЭНЕРГЕТИКА ӨНҮГҮҮНҮН КЕЛЕЧЕГИ

Быйыл энергетика секторунда олуттуу жумуштар аткарылды. Энергетика министрлигине 261 техника алынды. Камбар-Ата-1 ГЭСинин долбоорун ишке ашыруу үчүн курулуш иштерине кызуу даярдыктар көрүлүүдө. Кыргызстандын эң ири – Токтогул гидроэлектр станциясынын №2 агрегатын реконструкциялоо жана модернизациялоо иштери ийгиликтүү аяктады. Агрегатты жаңылоо жана оңдоо жумуштары быйыл 1-мартта башталган жана аны аяктоо мөөнөтү декабрь айына коюлган. Бул аралыкта гидроагрегаттын негизги жабдуулары, көмөкчү системалары менен бирге монтаждоо иштери 100% аткарылды. Станциянын №2 агрегатынын кубаттуулугу мурда 300 мВт болсо, жаңыланган соң 360 мВт болуп калды. Энергетика министрлигине 261 техника алынды.

АР БИР ЖАРАН ҮЙЛҮҮ БОЛГОНГО УКУКТУУ

“Арзан ипотека” багыты боюнча “Менин үйүм 2021-2026” программасынын алкагында иштер жүзөгө ашырылууда. 2021-жылы Мамлекеттик ипотека компаниясы аркылуу 3-4 ай ичинде 732 үй-бүлө турак жайлуу болушкан. 2022-жылы Мамлекеттик ипотекалык компаниянын тарыхында рекорддук сумма 4 млрд 655 млн сомдон ашык каржылоо болуп 1804 үй-бүлө турак жайлуу болууга жетишкен. Быйыл мамлекеттик ипотекалык программанын алкагында 1 миң 400 үй-бүлө турак жайлуу болду. Жакында Бишкек шаарындагы Анкара көчөсүндө жайгашкан 9 кабаттан турган 108-сериядагы турак-жай үй ээлерине тапшырылды. Мамлекеттик ипотекалык компанияда кезекте турган жарандар насыяны турак-жай наркынын 20%ын төлөө аркылуу, жылдык үстөк пайызы 8% менен 25 жылга алышты.

Мамипотека берилип баштаган 2016-жылга салыштырмалуу 2023-жылы каржылоо 5,5 эсе өстү. 2023-жылдын башынан тарта, мамлекет көп кабаттуу үйлөрдү өзү куруп баштады, алар төмөнкүлөр:

—  5050 батирлүү “Мурас” комплекси. 18, 24 жана 28 кабаттан турган 39 корпус.

— Бишкек шаарынын түштүк бөлүгүндө 6 корпустан турган 620 батирлүү турак жай.

— Бишкектин түндүк тарабында 7 корпустан турган 549 батир.

-Тунгуч кичирайонунда 63 батирлүү көп кабаттуу турак үй.

-Бишкек шаарынын ортосунда 81 батирлүү үй.

-Бишкек шаарынын 11-кичи районунда 500 батирлүү көп кабаттуу үй.

-Жал кичи районунда 45 батир.

Айтор, Бишкекте 6 миңден ашуун квартира курулуп жатат. Эми бүт аймактар боюнча үйлөр курулат. 2020-жылы Мамлекеттик ипотекалык компаниянын уставдык капиталы 480 млн сом гана болчу. Бүгүнкү күндө МИКтин уставдык капиталы 13,5 млрд сомго жеткирилди. 2024-жылы Мамлекеттик ипотекалык компанияга 1 млрд сом берилээри айтылды. Төлөө дагы жеңилди. Ипотекалык насыянын жылдык төлөмү мамлекеттик кызматкерлер үчүн 4%, жеке тараптар үчүн 8%га төмөндөп, төлөө мөөнөтү 15 жылдан 20-25 жылга чейин узартылды.

ЖЕМКОРЛОРДУН ЖЕЛИ ЧЫГЫП, КРИМИНАЛ ТАЛКАЛАНДЫ

Коррупциянын жана криминалдын айынан мамлекетибиз өнүкпөй келгени чындык. Ушул жылы жемкорлорго жана уюшкан кылмыштуу топторго каршы иш-чаралар катуу жүрдү. Миллиарддаган акчалар мамлекеттик казынага кайтарылууда. УКМК үч жылдын ичинде 1 млрд 200 млн доллар казынага төктүрдү. Бул эбегейсиз чоң сумма. Бир жыл ичинде жүздөгөн алкымы бузук, паракор кызматкерлердин бети ачылып, камакка алынды. Мамлекеттик казынага кол салган жемкорлорга каршы күрөш дагы тынымсыз жүрүп, бир күндө бир нечеси кармалган учурлар болду.

Кылмыштуу топтор менен буга чейин болуп көрбөгөндөй тазалоо иши бүткүл эл колдой тургандай деңгээлде болду. Ачыгын айтсак, криминал менен күрөшүүгө буга чейин эч ким батынган эмес. Тескерисинче, укук коргоо органдары коюн-колтук алышып, аларга шарт түзүп келген. Криминал ооздукталды. Бул мамлекет, эл үчүн жасалган чоң эмгек. Анткени, эгемендүүлүк алганыбыздан бери кылмыштуу топтор ишкерлердин канын соруп, мамлекеттин өнүгүшүнө тоскоолдук жаратып келген.

Көлбаевдин кылмыштуу тобу менен байлынашкан мамлекеттик кызматтагы адамдар ишинен четтетилди. Белгилей кетсек, бажы кызматында 85 кызматкер аныкталып, анын ичинен 76 кызматкер иштен бошотулду. Ички иштер министрлигинен 14 кызматкер ишинен четтетилди. Жергиликтүү кеңештин алты депутаты мандатын тапшырды. Райондук мамлекеттик администрациядан жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынан, ошондой эле башка министрликтер менен ведомстволордо иштеген 65 кызматкер аныкталып, кызматынан бошотулду.

Кылмыштуу топтор менен коюн-колтук алышкан ишкерлер да жазага тартылып, качып кеткендерине издөө жарыяланды. Атай айтсак, «Мадина» базарынын ээси, “Иттипак” уйгур диаспорасынын лидери, парламенттин мурдагы депутаты Турсунтай Салимов суракка алынып, уулуна издөө жарыяланды. Ага катар экс-депутат, корей диаспорасынын көрүнүктүү өкүлү Борис Сандын уулу, ири бизнесмен Александр Сан камакка алынды. Ага тиешелүү «Рух Ордо» борбору мамлекеттин балансына өтүп, бюджетке 537 млн сом кайтарылды. Ошондой эле, УКМК Көлбаев менен байланышы бар Азим Рой аттуу жаранга сыртынан айып тагып, издөө жарыялады. Мындан сырткары, Бишкектеги “Айчүрөк” соода борборунун (ЦУМ) ээси Анвар Габбазовго дагы Көлбаевге байланыштуу издөө жарыялады.

КУРУЛУШТАР КЫЗУУ ЖҮРҮҮДӨ

Көп жылдан бери эскирип турган мектептер, балдар бакчалары, маданият үйлөрү, спорт объектилери, таза суу, административдик имараттардын курулуштары жанданып, кызуу жүрүүдө. Быйыл жаңы окуу жылына карата бир күндө 43 мектеп, 5 спорт зал, 3 бала бакча колдонууга берилди. Жыл аягына чейин 100дөн ашык билим уясынын имараты бүткөрүлөт.

2023-жылы социалдык — маданий багыттагы объектилерди курууга мамлекеттик каражаттардан 8,8 млрд сом бөлүнгөн, аларга республика боюнча 144 объекттин ошондой эле өнөктөштөр линиясы боюнча 73 ар кандай объектилердин курулушун аяктоо каралган. Жылдын аягына чейин социалдык-маданий багыттагы 80 объекти бүткөрдү. Республика боюнча 451 көп кабаттуу турак үйлөр курулуп жатат. Алардын жалпы аянты 5 млн 552 миң чарчы метрди түзөт.

Бишкек шаарында жаңы Президенттик Администрациянын имаратынын курулушу жүрүп жатат. Өлкө аймагында бир катар заманбап парктар салынып, колдонууга берилди. Бишкектин борборундагы көп функционалдуу заманбап комплекс — беш жылдыздуу мейманкананы, бизнес-борборду, турак жай жана соода аянттарын камтыйт. Бүгүн, курулуш тармагында өсүү темпи 11,2% ды түзөт. Эки жылда 1386 км жол курулуп, асфальт төшөлдү. Бул тармакка 298 даана жол куруу техникасы алынды.

ӨНӨР ЖАЙ ӨРҮШ АЛДЫ

Өлкөбүздө өнөр жай тармагын өнүктүрүү үчүн шарттар түзүлүүдө. 60 ири ишкана ишке кирип, 7700 жумуш оруну түзүлдү. Айыл чарбасына 2 жылда 43,1 млрд сом берилип, 2,5 миңдей техника лизингге алынды. Өзүбүздү азык-түлүктүн 5 түрү менен камсыздалды. “Кыргызиндустрия” компаниябыз 20 чакты долбоорду ишке ашыруу менен алпурушуп, электроника, топчу, мык, фурнитура, пластик, фарфор, принтер, ксерокс, ККМ аппараттары, кирпич, бетон, азот жер семирткичтерин жана башкаларды чыгарганга жетишти.

БАТКЕН ЖАНА ЧЕК АРА

Быйыл Баткендин капиталдык курулуштарына 1,4 млрд сом, жолдоруна 1,7 млрд сом бөлдү. Жалпысынан Баткенге 3,7 млрд сомдон ашык акча каражат каралып, 634 объекти жаңы салынды. Жарактан чыккан 417 үйдү өз мөөнөтүндө, сапаттуу кылып, бардык шарттары менен жаңыдан курулду. Мындан сырткары, Баткен облусун өнүктүрүүгө республикалык бюджеттин эсебинен жылына 500 млн сом бөлүнүүдө. Буга чейин 62 айыл чек арада өзгөчө статуска ээ болгон болсо, бүгүнкү күндө алардын саны 92ге жетти. Өзгөчө статус алган айылдын тургундарына жөлөк пул алуучулардын үй-бүлөсүндөгү ар бир балага 1000 сомдон кошумча төлөм төлөнө баштады. Чек арада туруктуу жашагандардын пенсиясына 2000 сомдон кошулду. Саламаттыкты сактоо, ички иштер, салык тармактарында бир катар кызмат көрсөтүүлөр жеңилдеди. 2023-жылы республикалык бюджеттен Баткен облусунда 38,6 км жаңы жол салынды. Жол куруу жана тейлөө үчүн 20 даана атайын техника берилди.

Ошондой эле, чек ара окуяларында жабыркаган жарандардын үйлөрүн куруу менен бардык өрттөлгөн жана капиталдык ремонтко муктаж турак жай ээлерине 200 000 сомдон акча каражаты толук төлөнүп берилди. Кезектеги ремонтко муктаж 124 үй ээсине даражасына жараша 100 миң сомго чейин компенсациялар төлөндү. Окуяда унаасы же мал жандыктары жоголуп, же өрттөлүп материалдык зыян тарткан жалпы 678 жаранга 135 млн 554 миң сом акчалай компенсация төлөнүп берилди. Жабыркаган 210 жеке ишкерге 300 000 сомдон материалдык жардам көрсөтүлүп, жалпы 63 млн сом бөлүндү, 208 ишкерге 197  млн 500 миң сом акча каражаты жеңилдетилген насыя катары которулду.

Кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасын делимитациялоо процесси аяктады, ал эми кыргыз-тажик чек арасын тактоо иштери эки өлкөнүн дипломатиялык сүйлөшүүлөрү аркылуу улантылууда. Чек ара кызматына 2 жыл ичинде 20 млрд сомдон ашык каражат жумшалды. 40 объект жаңы салынды. Кыргыз армиясы абадан коргонуучу ракеталар, “Байрактар”, “Аксүнгүр”, “Акынжы”, зооттолгон унаалар, курал-жарактар менен толукталды. Чек арачылардын айлыгы 17 000 сомдон 80 000 сомго жогорулап, шарттары жакшырды.

ӨЛКӨГӨ КЕЛГЕН ТЕХНИКАЛАР

Эки жыл ичинде лизингге 2431 техника алып келинди. Саламаттыкты сактоого 335 тез жардам жана санитардык машиналарды сатып алынды. Энергетика министрлигине 261, электр станцияларына 124, Кыргыз көмүр ишканасына 73, транспорт министрлигине 298, Өзгөчө кырдаалдар министрлигине 457, Ички иштер министрлигине 274 техника берилди. Кыргыз темир жолуна 100 вагон келди. Аймактардагы жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнө 143 машина кетти. Өлкө боюнча бардык акимдер 100%, айыл өкмөттөр 90% унаалуу болду. 400 өрт өчүрүүчү машина, 3 вертолет алынды. Быйыл Бишкекке 644, Жалал-Абадга 50 автобус келди.

СОТ СИСТЕМАСЫНА ҮЧ ЭСЕ КӨП КАРАЖАТ БӨЛҮНДҮ

Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров Кыргызстанда акыркы эки жылда сот системасына бөлүнгөн каражаттын көлөмү дээрлик үч эсеге көбөйгөнүн билдирди. Маселен, 2020-жылы бюджет 1,2 млрд сом болсо, 2023-жылы 3,5 млрд сом болгон. Акылбек Жапаров: “Буга чейин судьялар 40 миң сомдун, сот аткаруучулар 12-13 миң сомдун тегерегинде айлык алып келишкен. Азыр судьялар орточо 85 миң сом, сот аткаруучулар 38 миң сом алат” — деди. Белгилей кетсек, мамлекеттик бюджеттин эсебинен 92,1 млн сомго сатып алынган 47 автоунаа сот департаментине берилди.

КӨЙГӨЙЛӨР КӨЗ ЖАЗДЫМДА КАЛБАЙТ

Президент Садыр Жапаровдун катышуусу менен экинчи Элдик Курултай өттү. Курултайга өлкөнүн бардык аймактарынан 700 делегат жана чет өлкөлөрдө жүргөн мигранттар катышты. Курултайдын жүрүшүндө өлкөнүн бардык райондорунан келген делегаттар коңшу өлкөлөр менен болгон чек ара, билим берүү, таза ичүүчү жана сугат суу менен камсыз кылуу, айыл чарба, сот системасындагы көйгөйлөр, мамлекеттик органдардагы коррупциялык көрүнүштөр, райондор ортосундагы талаш жайыттар, экология, ички жолдордун абалы ж. б. маселелерди көтөрүштү. Президент айтылган көйгөйлөрдүн баарына токтолуп, аларды чечүү жолдорун жана аткарылуу мөөнөттөрүн айтып берди.

2023-жылы өлкөбүздө мына ушундай экономикалык жана социалык багыттарда элдин үмүтүн жандырган чоң ийгиликтер жана ири өзгөрүүлөр болду. Мактаныч менен айтсак болот, бюджетибиз 570 миллардга жетти. Келе жаткан 2024-жылы мамлекетибизде мындан дагы ири өнүгүүлөр орун алып, арышыбыз арта беришине тилектешпиз.

 

Кылычбек КУДАЙБЕРГЕНОВ

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!