"Эркин-Тоо"

Быйыл Нарын облусунун ирригация тармагын жакшыртууга 128 млн сом бөлүндү

Нарын облусунун ирригация тармагына быйыл 128 млн 100 миң сом бөлүнуп, суу чарба обьектилери жакшыртылды. Бул тууралуу Президенттин облустагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Маалыматка ылайык, бул тармакка 2022-жылы 104 млн сом, 2021-жылы 19 млн сом гана каралган.

Ошондой эле ашар жолу менен курулуучу суу чарба оъектеринин курулушуна мамлекет тарабынан 83,8 млн сом каралып, курулуш иштери жүрүүдө.

«Учурда Ат-Башы районундагы Шамбет каналын куруу аяктоо алдында турат. Нарын районундагы Байменде, Ак-Суу каналдарына жана Кочкор районуна 8 скважина орнотуу боюнча тендер аркылуу материалдар алынып, жумуштар жүрүүдө», — деп айтылат маалыматта.

Мындан сырткары, Айыл чарба министрлигинин суу ресурстары кызматындагы “Ысык-Көл жана Нарын облустарында сугат жерлерин өздөштүрүү, өнүктүрүү” долбоорунун алкагында 9,6 млн долларга Жумгал районундагы Түгөл-Сай сезондук суу сактагычын куруу, ошондой эле 10,73 млн долларга Кочкор районундагы Шамшы БДРин куруу жумуштары жүрүп жатат.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!