"Эркин-Тоо"

Быйыл түшүм мол болду

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги бул жылы жашылчанын дүң жыйымы – 539,4 миң тонна, же 2023-жылдан 127 миң тоннага көп жыйналганын билдирди. Мөмө-жемиштер – 44 тонна жыйналып, өткөн жылдан 10 миң тоннага көп болду. Ошондой эле учурда дан өсүмдүктөрүн жыйноо иштери жогорку деңгээлде жүрүүдө. Жалпы 417 миң га, башкача айтканда 70% жыйналып, өткөн жылдан — 29 миң га көп болууда. Алсак;

  • буудай  217 миң га 90,1 % жыналды, бул өткөн жылдан 16,9 миң га көп.
  • арпа -193,0 миң га же 77 % түзүп, өткөн жылдан 31,2 миң га көп жыйналууда.
  • жүгөрү — жалпы 8 миң га, же 7,5% жыйналып, түшүмдүүлүк 80 ц/га, былтыркыдан 7,4 ц/га көп.

Ал эми картошканын 19 миң га, тактап айтканда 28 % казылып, түшүмдүүлүк – 176,3 ц/га болуп, өткөн жылдан 4,6 ц/га көп. Дүң жыйым 310,5 миң тонна, өткөн жылдан 43,6 миң тоннага көп. Ал эми Ысык-Көл жана Чүй облустарында 182,8-184 центнерден түшүм алышууда.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!