Билимди баалоо жана окутуу усулдары борборунун маалыматына ылайык, 2025-жылдын май айында өлкө боюнча жалпысынан 56 159 абитуриент Жалпы республикалык тестирлөөгө (ЖРТ) катышты.
Алардын ичинен 31 731и кыргыз тилинде, 24 428и орус тилинде тест тапшырган.
Борбордун билдирүүсүндө айтылгандай, ЖРТнын май айындагы жыйынтыгы боюнча сертификаттар мектептерге жана шаардык/райондук билим берүү бөлүмдөрүнө аттестаттар берилгенге чейин жөнөтүлөт. Абитуриенттер сертификат алуу үчүн тестке кирүү талонун тапшырышы керек.