Кыргызстанга 2025-жылы 8 ай ичинде 268,1 тонна кофе импорттолду. Бул тууралуу Статистика комитетинин басма сөз кызматы кабарлады.
Маалыматка ылайык, кофе 21 өлкөдөн ташылып келинген. Анын баасы 250,65 млн сомду түзгөн.
Кофенин басымдуу бөлүгү Россиядан алынып келген (137,4 тонна). Ал эми 45,2 тоннасы Казакстандан, 37 тоннасы Бразилиядан, 13 тоннасы Колумбиядан, 12,8 тоннасы Италиядан келген.
 
		 
		 
		


