"Эркин-Тоо"

CASA-1000: Кыргызстанда зымдарды тартуу иштери жүрүүдө

CASA-1000 долбоорун ишке ашыруунун алкагында Баткен облусунда 12-сентябрдан тарта зым тартуу иштери жүрүп жатат. Бул тууралуу «Кыргызстандын улуттук электр тармактары» ААКсынын билдиришти

Маалыматка караганда, Баткен, Ош жана Жалал-Абад облустары аркылуу өткөн ЖЧ-500 кВ чубалгысынын узундугу 456 чакырымды түзөт.

«Бүгүнкү күндө 1 миң 211 (97,4%) тирөөчтүн курулуш аянтчаларына кирме жолдор курулду, 1 миң 211 (97,4%) тирөөчтүн чуңкурлары казылды. Ошондой эле 1 миң 180 (94,9%) тирөөчтөр арматураланды жана бетондолду, 969 (78%) тирөөч орнотулду, зымдарды тартуу — 36,1 км (7,9%). Курула турган электр тирөөчтөрдүн жалпы саны 1 миң 243тү түзөт.Андан сырткары, Жалал-Абад облусунда CASA-1000 долбоорунун алкагында «Датка» көмөк чордонундагы 500 кВ көмөкчү чордонун куруу иштери жүрүп жатат», — деп айтылат маалыматта.

Аталган үч облуста инфраструктуралык объекттерди куруу үчүн адистерди мобилизациялоого 6 курулуш базасы курулган.

Маалымдама: CASA-1000 долбоору Борбор Азия менен Түштүк Азиянын — Кыргызстан, Тажикстан, Ооганстан жана Пакистандын энергетикалык тутумдарын байланыштырууга багытталып, эл аралык стандарттарга ылайык электр энергиясын сатуу боюнча механизмдерди иштеп чыгат.

Please wait while flipbook is loading. For more related info, FAQs and issues please refer to DearFlip WordPress Flipbook Plugin Help documentation.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!