Айыл чарба министрлиги маалымдагандай, Чүй облусунун Аламүдүн районунун Гроздь айылында “Салих Аква” балык чарбасынын жаңы инкубациялык комплекси ачылды. Ал форель жана осетр балыгынын 1 миллион чабагын өндүргөнгө жөндөмдүү.
Орус-Кыргыз өнүктүрүү фонду тарабынан каржыланган комплекске жалпы 576 миң АКШ доллары жумшалган.