Чүй облусунда эки жаңы бала бакча ачылды.
Президенттин облустагы өкүлчүлүгүнөн билдиришкендей, мектепке чейинки билим берүүчү жайлар Маловодное жана Төрт-Көл айылдарында жайгашкан. Имараттарда бөбөктөр үчүн бардык шарттар түзүлгөн.
Белгилеп кетсек, 2023-жылы Чүй облусунда жалпысынан жети бала бакча ачылган.