Чүй облусунда жөө адамды сүзүп, качып кеткен айдоочу кармалды. Бул тууралуу облустун Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгы билдирди.
Маалыматка караганда, 23-ноябрга караган түнү болжол менен саат 00:36да Беловодский айылынын Ленин көчөсүндө 46 жаштагы жаранды белгисиз унаа сүзүп, айдоочу унаасы менен окуя жеринен качып кеткен. Жөө жүргүнчү жол кырсыгы болгон жерде көз жумган.
Жол милициянын кызматкерлери издөө иштеринин жүрүшүндө шектүү катары 38 жаштагы А.С. аттуу жаранды кармаган. Ал милициянын тергөө кызматына өткөрүлүп берилген. Ал эми анын унаасы айып короосуна токтотулган.