Чүй облусу боюнча калктын аярлуу катмарын ар тараптуу колдоо максатында Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгынын башчысы Э.Д.Исмаилова тарабынан жарандарга бензин менен жүрүүчү, «Trikyele» үлгүсүндөгү мотороллерлер тапшырылды. Бул тууралуу Эмгек министрлигинин маалымат кызматы кабарлады.
Бул колдоо социалдык келишимдин негизинде көрсөтүлүп, Сокулук районуна – 1, Жайыл районуна – 2, жана Кемин районуна – 5 даана техникалык каражат берилди.
Мотороллерлерди жеткирүү жана күйүүчү май менен камсыз кылуу иштерине Чон-Кемин, Кичи-Кемин, Чым-Коргон жана Кызыл-Октябрь айыл өкмөттөрү көмөктөштү.
Белгилей кетсек, үч дөңгөлөктүү мотороллерлердин максималдуу ылдамдыгы саатына 120 кмге чейин жетет.