"Эркин-Тоо"

Чүй облусундагы суу маселесин чечүүгө байланыштуу жыйын өттү

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров КР Айыл чарба министри жана тиешелүү кызматкерлердин катышуусунда Чүй облусундагы сугат суу маселесин чечүүгө байланышкан жыйын өткөрдү.

Маалыматка ылайык, Чүй облусунун аймагындагы бир катар дарыялардын агымына чакан суу сактагычтар курулат. Бул багытта Министрлер Кабинети жакын арада ири каражат бөлөрүн билдирди.

Ошондой эле Чүй облусунун аймагына суткалык жөнгө салуу бассейндерин (БСР) жана декадалык жөнгө салуу бассейндерин (БДР) кыска убакыттын ичинде куруу маселелери каралды.

Акылбек Жапаров дыйкандарды толук кандуу сугат суу менен камсыз кылуу үчүн ирригация маселелерин чечүүгө байланышкан тиешелүү тапшырмаларды берди.

 

Пример HTML-страницы