Чүй облусунун аймагында 4 кг жакын мефедрон жана 425 кг прекурсорлор алынып, наркологиялык лабораторияга бөгөт коюлду. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, Бишкек шаарынын жана Чүй облусунун аймагына жайылтылган синтетикалык баңгизаттарды колго жасоо менен алектенген жашыруун баңги лабораториясын жок кылуу боюнча атайын операциянын жыйынтыгында мыйзамсыз жүгүртүүдөн 3 килограмм 790 грамм мефедрон психотроптук заттар жана 425 кг ашык прекурсорлор алынды.
Дарылар даярдалган лаборатория Аламүдүн районунун Прохладное айылында жайгашкан. Баңгилабораторияны уюштурууга шектүү катары коңшу өлкөнүн эки жараны 1999-жылы туулган Г.Д. жана 1994-ж.т. П.А.кармалган.
Тинтүү учурунда кампанын тиркемесинде жасалма баңгизаттарды колго жасоочу лаборатория үчүн жабдылган бөлмө табылган. Алынган прекурсорлордун жалпы салмагы 425 килограммды түзгөн.
Жалпы суммасы 20 млн сомдон ашык мефедрондун 22 миңден ашык дозасын таратууга бөгөт коюлган. Баңги лабораторияны уюштурган П.А. экени аныкталып, кампаны ижарага алгандыгы тастыкталды. Ал социалдык тармактар аркылуу синтетикалык баңгизатын өндүрүү үчүн материалдарды сатып алып турган. Андан кийин Г.Д. аттуу жаран менен биргеликте дагы бир дары лабораториясын ачууну көздөшкөн.
Кылмышка шектүүлөргө карата КР Кылмыш-жаза кодексинин 282-беренесинин 1-бөлүгүндө каралган кылмыштын белгилери менен кылмыш иши козголуп, тергөө абагына киргизилди.