"Эркин-Тоо"

Чүйдүн тургундары Бишкек шаарынын мэрине нааразы

Чүйдүн тургундары Бишкекке жакын шаар, айылдарга каттаган маршруткалардын ордо калаага кирбей, элди «талаага» таштап коюп жатканына нааразы болуп, видео кайрылууларды таратышууда.
Эске салсак, буга чейин Кара-Балта, Кайыңды, Беловодское, Чалдыбарга каттаган маршруттук каттамдар жүргүнчүлөрдү Дэн Сяопин проспектиндеги шлагбаумга чейин жеткирчү. Кечээтен бери Бишкекке бардык маршруткалар киргизилбей калган. Алар жүргүнчүлөрүн батыш тараптагы убактылуу автобекетке түшүрүшүүдө.