"Эркин-Тоо"

Чүйдө 100 орундуу заманбап төрөт үйү пайда болот

Чүй облусундагы мурдагы оорукананын мамлекетке кайтарылган имаратында облустук төрөт үйү түзүлөт. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, бул жерде 100 орундуу заманбап төрөт үйү пайда болот. Эске салсак, Ысык-Ата районунун Новопокровка айылындагы объект мурда жеке адамдар тарабынан менчиктештирилип кеткен.

Пример HTML-страницы