Аламүдүн районунда 2 жаштагы наристенин өмүрүн кыюуга шектелип, энеси жана анын жарандык жолдошу кармалды.
Чүй облустук милициясынан билдиришкендей, 28-сентябрда Аламүдүн райондук милициясына 2021-жылы туулган С.А. аттуу бала белгисиз себептер менен каза болгондугу тууралуу маалымат келип түшкөн.
Окуя орун алган Аламүдүн районунун Көк-Жар жаңы конушуна ыкчам-тергөө тобу барган учурда, 2021-жылы туулган С.А. аттуу баланын жансыз денеси ар кандай ур-соккудан пайда болгон көк-алалары менен табылган.
Аталган факт Аламүдүн РИИБине катталып, КР КЖКнин 122-беренесинин (Адам өлтүрүү) негизинде кылмыш иши козголгон.
Соттук-медициналык экспертизанын корутундусуна ылайык, каза болгон баланын денесине ар кандай оор жаракаттар келтирилгени, боору жарылганы, денесинде күйүктөр аныкталган.