"Эркин-Тоо"

Чүйдө автоунаа чыгаруучу ишкананын курулушу башталды

Чүй облусунун Сокулук районунда автоунаа чыгаруу жана сатыкка алып чыгуу боюнча ишкананын курулушу башталды. Долбоордун негизги ишмердүүлүгү электромобилдерди, коммерциялык, жеңил автоунааларды, атайын техниканы чогултууга, ошондой эле транспорт каражаттарын жана тиешелүү продукцияларды эл аралык сатыкка алып чыгууга багытталган.

Ишкананы куруу жана ишке киргизүү China Hubei Zhuoyue Group кытай компаниясы менен биргеликте ишке ашырылат. Биринчи этаптагы инвестициялык көлөмү 115 миллион АКШ долларын түзөт. Жылына 80 миңден ашуун автоунаа чыгарууга ылайыкталат.

Автоунааларды чыгаруу ишканасы үстүбүздөгү жылдын август айында ачылары күтүлүүдө.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!