Чүйдө бир вирусологиялык лабораториянын курулушу аяктоо алдында турат

Чүй облусунун Жайыл районунда Алексеевка айылында Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаментине караштуу жаңы лаборатория курулуп бүтүү алдында турат. Бул тууралуу аталган түзүмдүн Жайыл району боюнча башкармалыгынын башкы дарыгери Осмоналы Жолдошбаев билдирди. Имараттын курулушу 2021-жылдын 19-апрелинде башталган. Объект жакынкы аралыкта пайдаланууга берилет. Заманбап медициналык жабдууларды алууга жана куруу иштерине 26 миллион сом каралган.

Вставка изображения в HTML код страницы

Альтернативный текст