Чүй облусунун Ысык-Ата районундагы Новопокровка айылында УКМК Чек ара кызматынын 2026 жана 2031 аскер бөлүктөрүнүн кызматкерлерине батирлердин ачкычы тапшырылды. Бул тууралуу Чек ара кызматы кабарлады.
Маалыматка ылайык, жаңы батирлердин ачкычтары 36 аскер кызматчынын үй-бүлөлөрүнө берилди. Төрт кабаттуу үй аскердик шаарчанын аймагында курулган. 36 батирлүү үйдүн курулушу республикалык бюджеттин эсебинен жүргүзүлдү.
Иш-чарага Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев, Чек ара кызматынын директору Уларбек Шаршеев, Президенттин Чүй облусундагы өкүлчүлүгүнүн, укук коргоо органдарынын жана күч түзүмдөрүнүн өкүлдөрү, аскер бөлүктөрүнүн колбашчылыгы жана өздүк курамы, аскер кызматчыларынын үй-бүлөлөрү жана Чек ара кызматынын ардагерлери катышты.
Белгиленгендей, жаңы турак жай комплексинде көмүр сактоочу кампа менен өзүнчө откана, балдар үчүн аянтча жана унаа токтотуучу жайы каралган. Үй жеке долбоор менен курулуп, батирлердин орточо аянты 62-87 чарчы метрди түзөт.