Москва жана Сокулук районунда «Хизб ут-Тахрир» диний-экстремисттик уюмунун мүчөлөрү кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук милициясынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, милицияга радикалдуу диний агымдын мүчөлөрү тарабынан Кыргызстандын аймагында ишмердүүлүгүнө тыюу салынган «Хизб ут-Тахрир» диний-экстремисттик уюмунун пикирлерине чакыруу жөнүндөгү ар кандай диний маныздагы материалдар таратылып жаткандыгы тууралуу маалымат түшкөн.
Аталган факт Москва РИИБине катталып, Кылмыш-жаза кодексинин «Экстремисттик материалдарды даярдоо, таратуу» беренесиндеги кылмыш белгилери менен кылмыш иши козголгон.
19-сентябрда аталган экстремисттик уюмдун активдүү мүчөлөрү Б.У., К.У., Т.Г. жана С.Б. аттуу жарандар аныкталып, шектүүлөрдүн үйлөрүндө тинтүү иштери жүргүзүлүп, 73 даана китеп, 12 даана уюулдук телефон, 11 дана кол жазма менен жазылган дептерлер, 1 компьютер процессору, 3 флешкарта, 71 даана акча которулгандыгы тууралу квитанциялары табылган. Тергөө кызматы тарабынан тийиштүү соттук-теологиялык экспертиза дайындалып, экспертизанын корутундусуна ылайык, алынган материалдар экстремисттик экендиги аныкталган.
Шектүү 1981-жылы туулган Б.У. мыйзамга ылайык, убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Учурда тийиштүү тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.