Саламаттык сактоо министрлиги Чүй облусунун Чүй районуна караштуу Чүй айылында мамлекеттик “Эл Аман” дарыканасы ишке берилгенин кабарлады. Дарыкананын салтанаттуу ачылуу аземине министр Алымкадыр Бейшеналиев катышты. Министрдин айтымында жыл аягына чейин мамлекеттик дарыканалардын жалпы саны жүзгө жетет.