"Эркин-Тоо"

Чүйдө рейддин жүрүшүндө дайынсыз жоголгон 4 өспүрүм табылды

 Чүй облусунун аймагында балдар арасындагы укук бузуулардын жана ар кандай кылмыштуулуктун алдын алуу максатында рейд өткөрүлдү. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.

Эки күндүк рейддин жүрүшүндө облустун аймагындагы эс алуучу жайлар, интернет клубдар, спорттук аянтчалар текшерүүгө алынып, ата-энелердин коштоосу жок жүргөн 122 жашы жете элек өспүрүм аныкталса, дайынсыз жоголгон 4 өспүрүм табылып, ата-энесине кайтарылып берилген.

Ошондой эле бул иш-чаранын алкагында 16 баланын ата-энесине мыйзам чегинде тиешелүү чаралар көрүлдү.

Милиция кызматкерлери балдардын ата-энелерин чакыртып тиешелүү түшүндүрүү иштери жүргүзүшүп, андан соң балдарын өткөрүп беришкен.

Белгилей кетсек, мыйзам боюнча жашы жете элек өспүрүмдөрдүн түнкү саат 22:00 дөн таңкы саат 6:00 гө чейин ата-энелеринин же мыйзамдуу өкүлдөрүнүн коштоосусуз жүрүүсүнө чектөөлөр каралган.