"Эркин-Тоо"

Чүйдө сугат сууну көзөмөлдөө үчүн атайын датчиктер орнотулду

Чүй облусунда сугат сууну көзөмөлдөө үчүн атайын датчиктер орнотулду. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, сугат суунун агымын көзөмөлдөө үчүн орнотулган автоматташтырылган аппараттар ата мекендик өндүрүш болуп саналат. Аппараттар Кыргызстандын сугат чарба илим-изилдөө институтунун окумуштуулары тарабынан иштелип чыккан. Датчиктер кошумча заманбап технологиялык каражат катары өлчөө станцияларында орнотулган.

Атайын жабдуулар импульстардын чагылуу убактысын жазып, андан кийин бул маалымат компьютерге кирет. Система каналдардагы суунун деңгээли боюнча оперативдүү маалыматтарды алууга мүмкүндүк берет.

Окумуштуулардын айтымында, аппараттардын баасы чет өлкөлүк моделдерге караганда бир топ арзан.

 

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!