"Эркин-Тоо"

Чүйдө турак үйдө чыккан өрттүн кесепетинен 8 жаштагы бала каза болду

Сокулукта турак үйдө чыккан өрттүн кесепетинен 8 жаштагы өспүрүм каза болду. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 5-сентябрда Чүй облусунун Сокулук районуна караштуу Сокулук айылынын Кайназарова көчөсүндө жайгашкан турак үйдөн өрт чыккандыгы тууралуу малымат түшкөн.

Өрттү өчүрүүгө саат 06:10до Сокулук райондук №23 ӨКБдан жалпы 2 күжүрмөн эсеп тартылып, тилсиз жоо саат 09:59да толук өчүрүлгөн. Өрттүн кесепетинен 2015-жылы туулган М.Н. аттуу бала каза тапкан.

Please wait while flipbook is loading. For more related info, FAQs and issues please refer to DearFlip WordPress Flipbook Plugin Help documentation.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!