"Эркин-Тоо"

Чүйдө жол инспекторунан акча талап кылган блогер кармалды

Чүйдө интернет-блогер А.Ж. кармалды. Ал Чүй облусунун ИИББ Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын кызматкеринен 60 миң сом өлчөмүндө акча талап кылууга шектелүүдө.

КР УКМКнын басма сөз кызматынан кабарлашкандай, А.Ж. Чүй облусунун Сокулук айылындагы мейманканалардын биринин аймагында кызматтык унаанын жүргөндүгү боюнча видеону таркатам деп коркутуп, инспектордон акча талап кылган.

Бул факты боюнча КР Кылмыш-жаза кодексинин 208-беренеси (Опузалап пара талап кылуу) менен кылмыш иши козголган.

2023-жылдын 30-августунда ыкчам-тергөө иш-чараларынын жүрүшүндө блогер А.Ж. 60 миң сом өлчөмүндөгү акча каражатын алып кармалып, КР УКМКнын тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!