"Эркин-Тоо"

Чүйдөгү дарыялардын жээктерине терек, кара-жыгач, турпан көчөттөрү отургузулду

Чүй облусундагы Чу, Кара-Балта жана Ак-Суу дарыяларынын жээктерине терек, кара-жыгач, турпан көчөттөрү отургузулду.
ӨКМдин басма сөз кызматынын маалыматына ылайык, дарыя жээктерин бузулуудан сактоо максатында 2,28 гектар аянтка жалпы 2180 даана көчөт отургузулган. Аны менен бирге көчөттөрдүн айланасын тосуу, сугаруу иштери жүргүзүлдү.