"Эркин-Тоо"

Чүйдөгү түзөтүү мекемелеринин бирине баңгизат ыргытууга аракет кылган жаран кармалды

Чүй облусундагы түзөтүү мекемелеринин бирине баңгизат ыргытууга аракет кылган 42 жаштагы Р.А. аттуу жаран кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, жеке текшерүү учурунда шектүү жарандан табылган заттын салмагы 3 кг 40 гр “гашиш” баңгизаты, ошондой эле өсүмдүк тектүү жашыл түстөгү 844 грамм марихуана, жалпы салмагы 3 кг 884 граммды түзгөн.

Аталган факт боюнча КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 282-беренесинин 1-бөлүгүндө каралган кылмыштын белгилери менен кылмыш иши козголгон.

Кармалган жаран Москва районунун ИИБнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.м

Please wait while flipbook is loading. For more related info, FAQs and issues please refer to DearFlip WordPress Flipbook Plugin Help documentation.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!