Чүй облусунун Кемин районунда жаракат алган бугу маралдын музоосу куткарылып, кайра жаратылышка чыгарууга даярдоо үчүн реабилитациялык борборго өткөрүлдү. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин басма сөз кызматы маалымдады.
Кеминдеги малчы бир ай мурда жайлоодо мал карап жүрүп, жаракат алып баса албай калган бугунун музоосун таап алып, койлору менен кошо багып, анын жараатын айыктырган. Жаныбар толук айыккандан кийин чабан жаратылышты коргоо бөлүмүнө кайрылган. Айыккан музоо NABU уюмунун Терек-Сулуу коктусундагы жабыркаган жаныбарларды жандандыруу жана кайра коё берүү борборуна өткөрүлүп берилди.
Эскерте кетсек, бугу, марал Кыргыз Республикасынын Кызыл китебине кирген жаныбар болуп эсептелет.