"Эркин-Тоо"

Чүй облусунда мыйзамсыз иштеген казино табылды

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин басма сөз кызматы Чүй облусунда мыйзамсыз иштеген казино табылып, анын ишмердүүлүгүнө бөгөт коюлганын кабарлады.

Маалыматка ылайык, УКМК тарабынан козголгон кылмыш ишинин алкагында ыкчам-издөө-тергөө иш-чараларын уюштуруунун натыйжасында, криптобиржы жана криптомайнинга кызматтарын көрсөтүүгө жамынып, тиешелүү документтеринин уруксаттары жок «Р.Г.» ЖЧКсынын мыйзамсыз оюн-зоок жайларынын ишмердүүлүгү аныкталды.

Жүргүзүлгөн тинтүү иштеринин жүрүшүндө мыйзамсыз аракеттерден ири суммадагы акча каражаттары табылып алынган.

Мындан тышкары, тиешелүү салык төлөмдөрүн төлөөдөн качуу максатында, иш жүзүндөгү кирешени жашыруу документтештирилген фактылар аныкталды.

Учурда жогоруда аталган кылмыш иштерине тиешеси бар адамдарды, ошондой эле республикалык бюджетке келтирилген зыяндын суммасын аныктоо боюнча кошумча ыкчам-тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Please wait while flipbook is loading. For more related info, FAQs and issues please refer to DearFlip WordPress Flipbook Plugin Help documentation.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!