"Эркин-Тоо"
Жаңылыктар Кылмыш

Чүй облусунда жүргүзүлгөн рейдде 40ка жакын кылмыш аныкталды

Үстүбүздөгү жылдын 8–19-декабрь күндөрү Чүй облусунда милиция кызматкерлери өткөргөн “Каракчы” аттуу ыкчам алдын алуу рейдинде 39 кылмыштын бети ачылды. Аткарылган иштер каракчылык жана тоноо кылмыштарынын алдын алууга багытталганын облус милициясынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, рейд учурунда соода жана көңүл ачуу жайлары, ломбарддар, кафе-ресторандар, автоунаа май куюучу жайлар жана башка объектилер текшерилип, коопсуздук боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. 39 кылмыштын ичинде 18 уурулук, 1 опузалоо, 2 зордуктоо жана башка кылмыштар бар. Ошондой эле 42 адам менен профилактикалык маектешүү өткөрүлдү.