"Эркин-Тоо"

Чүй облусунун жашоочусунун үйүнөн баңгилаборатория табылды

66c383b5-9359-426f-bd6e-95bbe64b8423
9a3242c6-bf18-439a-84ac-5a1e5494a7e6
e8198f8b-0417-4302-b701-8a3796a15751
fb440912-cedf-4ac7-9313-407b540d744b
66c383b5-9359-426f-bd6e-95bbe64b8423 9a3242c6-bf18-439a-84ac-5a1e5494a7e6 e8198f8b-0417-4302-b701-8a3796a15751 fb440912-cedf-4ac7-9313-407b540d744b

Бул тууралуу ИИМдин Басма сөз кызматы билдирди. ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматы тарабынан баңгизаттарды мыйзамсыз даярдоо боюнча баңгилабораториянын ишмердүүлүгүнө бөгөт коюлуп, кылмышты жасоого шектүү катары Чүй облусунун жашоочусу 1960-жылы туулган К.С. кармалган.  Тинтүү жүргүзүү учурунда жаран К.С. үйүнөн 6 даана үч литрлик, 3 даана бир литрлик, 1 даана жарым литрлик банкада жана 3 даана баштыкта салынган кургатылган кочкул-жашыл түстөгү кара куурайдай өзгөчө жыты бар зат табылып алынган. Алынган заттын жалпы салмагы 2,5 килограммды түзөт.

Андан сырткары, баңгизаттарды даярдоо, таңгактоо, сатуу жана колдонуу үчүн жабдыктар табылган. Алар электрондук тараза, кайчы, 100 мл. көлөмүндөгү  12 бөтөлкөдөгү спирт, 3 даана скотч, баңгизатты колдонуу үчүн бульбулятор, баштыкта салынган аарынын мому, медициналык скальпель. Кармалган жаран К.С. жана далил заттар Аламүдүн РИИБдин тергөө кызматына өткөрүлүп берилди.   Мындан аркы ыкчам-тергөө иш-чаралары жүргүзүлүп жатат.

Please wait while flipbook is loading. For more related info, FAQs and issues please refer to DearFlip WordPress Flipbook Plugin Help documentation.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!