"Эркин-Тоо"
Аймак

Чүй районунда милициянын көчмө кабылдамасы менен алдын алуу иштери улантылууда

2021-жылдын январь айынан тарта Чүй облусунун ички иштер органдарынын кызматкерлери тарабынан милициянын көчмө кабылдамасы аркылуу жергиликтүү тургундар менен жолугушуу иштери улантылууда.
2021-жылдын апрель айында Чүй районунун ИИБдүн башчысы милициянын подполковниги Эрлан Исмаилов, аймактык тескөөчүлөр менен биргеликте милициянын көчмө кабылдамасы менен Сайылык айылынын жашоочулары менен жолугушууларды уюштурушту. Аталган айыл тургундарына аймактык тескөөчү тарабынан аткарылган жумуштар айтылып, андан сырткары уурулукка байланыштуу кылмыштарды алдын алуу багытында түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.
Жолугушууда, жаш өспурумдөрга байланыштуу кылмыштар, үй-бүлөлүк чыр-чатактар жана кыздарды никеге турууга мажбурлап ала качуу окуяларын болтурбоо боюнча түшундүрүү иштери жүргүзүлүп, жогорудагыдай окуяларды алдын алууга ата-энелер тарабынан да тынымсыз көзөмөл болуу зарылдыгы эскертилди.
Милиция кызматкерлеринин жергиликтүү жашоочулар менен болгон жолугушуулары Чүй облусунун баардык район жана шаарлардында жүргүзүлүүдө.