"Эркин-Тоо"
Аймактарда Кылмыш

Чүйдө бөтөлкөлөшүн өлтүргөн жаран кармалды

Чүйдүн Аламүдүн районунда бөтөлкөлөшүн өлтүрүүгө шектүү кармалды. Бул тууралуу Чүй ОИИБден билдиришти.

Маалыматка караганда, 21-январь күнү 1984-жылы туулган жаран үйүндө 1975-жылы туулган жаран менен спирт ичимдигин ичип отурган. Сөздөн уруш чыгып, 49 жаштагы жаранды ашкана бычагы менен сайып жиберген. Алган жаракатынан жабырлануучу тез жардам баргыча каза болгон.

Аталган факты боюнча кылмыш иши козголуп, шектүү катары 1984-жылы туулган жаран кармалып, камакка алынган. Учурда тергөө иштери уланууда.