Чүй облусунда эки унаа кагышып, алардын бири жол боюндагы турак үйдүн дубалына урунуп, оңкосунан түшүп калган. Бул тууралуу милициядан билдиришти.
Маалыматка караганда, кырсык 27-августта болгон. Жол кырсыгынан жабыркагандар катталган жок.
Учурда кырсыктын келип чыгуу себептери иликтенип жатат.

