"Эркин-Тоо"

Чүйдө каракчылыкка шектелип эки адам кармалды

Чүйдө каракчылыкка шектелип эки адам кармалды. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 28-августта Сокулук райондук милициясына Бишкек шаарынын Улуттук хирургия борборунан аларга 27 жаштагы жаран жаарат алып жаткырылганы тууралуу маалымат түшкөн.

Белгилүү болгондой, эки белгисиз адам 27 жаштагы К.М. атуу жаранды унаасына күчтөп отургузуп, Кун-Туу айылына алып барган. Ал жактан учтуу нерсе менен жаракат кылып, акчасын алып кетишкен.

Бул окуя боюнча Кылмыш кодексинин 207-беренеси (Каракчылык) боюнча иш козголгон.

Ыкчам-тергөө иштеринин жүрүшүндө кылмышка шектүү катары 31 жаштагы М.Д. жана 30 жаштагы К.М. аттуу жарандар кармалган.

Учурда кармалгандар убактылуу кармоочу жайга камалган. Тергөө иштери уланууда.

Please wait while flipbook is loading. For more related info, FAQs and issues please refer to DearFlip WordPress Flipbook Plugin Help documentation.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!